Кайрымдуулук

Кайрымдуулук

Туруктуу өнүктүрүү боюнча программалардан тышкары, биз адатта жабдуулар жана кызматтар түрүндө бир жолку дотацияларды беребиз. Жардам көрсөтүү өтүнүчтөрү өлкөнүн бардык аймактарынан келет. Биздин демөөрчүлүк боюнча комитет ай сайын өтүнүчтөр менен сунуштарды карап, төмөнкү шарттарга жооп бергендери канааттандырылышы мүмкүн:

  • Жергиликтүү жамааттардын уюмдары же топтору болушу абзел (жеке адам же ишкана эмес);
  • Транспорттук жана медициналык тейлөө чыгымдарын каржылоо өтүнүчү болбошу абзел;
  • Жеке бизнести каржылоо өтүнүчү болбошу абзел;
  • Диний жана саясий максаттарды каржылоо өтүнүчү болбошу абзел;
  • Өкмөт менен байланышкан чыгымдарды каржылоо өтүнүчү болбошу абзел.

Демөөрчүлүк жардам ачык жана даректүү болушун камсыздоо үчүн жетекчиликтин 6 мүчөсүнөн турган демөөрчүлүк комитет арыздарды кароо үчүн айына бир жолу чогулуп, тапшырыктар арасынан эң ылайыктууларына макулдук берет. Биздин демөөрчүлүк жардам накталай акча менен эмес, «Кумтөр» сатып алган продукция же жабдуу түрүндө берилет. Демөөрчүлүк жардам шартталган багытта жумшалып жатканы көзөмөлгө алынат.

Жардам көрсөтүү үчүн тапшырыктарды тандап алуунун шарттары жана талаптары тууралуу маалымат үчүн компаниянын кеңселерине жана маалымат борборлоруна кайрылыңыздар. Компанияны демөөрчүлүк жана кайрымдуулук боюнча саясаты менен бул жерден таанышса болот.