КУМТӨР ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНДУК ООРУКАНАСЫНА УЗИ АППАРАТЫН САТЫП БЕРДИ

КУМТӨР ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНДУК ООРУКАНАСЫНА УЗИ АППАРАТЫН САТЫП БЕРДИ

Жарыяланган: 29 February 2024

“Кумтөр Голд Компани” социалдык жоопкерчиликтүү компания катары жалпы элдик маанидеги көйгөйлөргө өзгөчө көңүл буруп келет. Айрыкча калк саламаттыгына байланышкан маселелер артыкчылыктуу орунда турат.

Жакында эле Кумтөр ишканасы жарандардын ден соолугуна кам көрүү жана ар кандай жугуштуу илдеттерди алдына ала аныктоо үчүн өтө зарыл болгон УЗИ аппаратын Жети-Өгүз райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна сатып берди.

Ошондой эле район тургундарынын жана дарыгерлеринин өтүнүчүн четке какпай Кумтөр ишканасы райондук оорукананын тез жардам унаасын толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берди.