КУМТӨР НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ 600 ТОННА КӨМҮР ТАРАТТЫ

КУМТӨР НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ 600 ТОННА КӨМҮР ТАРАТТЫ

Жарыяланган: 29 January 2024

Социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Нарын облусунда жашаган социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 600 тонна көмүр таратты.

Алсак, Нарын шаарынын жана Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун ар бирине 100 тоннадан көмүр берилген.

Буга чейин 2024-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунда жашаган социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дагы 700 тонна көмүр таратылган.

Белгилей кетсек, «Кумтөр Голд Компани» социалдык жоопкерчиликтүү компания катары карапайым элге туруктуу негизде жардам көрсөтүү менен жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү боюнча социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорго да каржылык колдоо көрсөтүп келет.