ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА КУМТӨР 5000 БАЛАНЫН МАЙРАМДЫК КЫЯЛЫН ОРУНДАТТЫ

ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА КУМТӨР 5000 БАЛАНЫН МАЙРАМДЫК КЫЯЛЫН ОРУНДАТТЫ

Жарыяланган: 29 December 2023

Жаңы жыл алдында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 5000 баланын майрамдык кыялын орундатты.

Кумтөр жыл сайын жаш жеткинчектердин күнүмдүк жашоосун көрккө бөлөп, жагымдуу маанай тартуулап келет. Бул ирет Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ак-Суу райондорунан, ошондой эле Бишкек, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларындагы балдардын жүздөрү кубанычка бөлөндү.

«Кумтөр Голд Компани» белектерин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, ошондой эле өзгөчө көңүл бурууга муктаж болгон – балдар үйлөрүнүн жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучуларына тартуулады.

Бул белектер таттууларга толгон жөн гана баштык эмес, бул балдарыбыздын эртеңкисине болгон үмүтү, ишеними. Кумтөр социалдык жоопкерчиликтүү ишкана катары балдар үйлөрүнө майрамдарда гана эмес, башка күндөрү да туруктуу негизде көмөк көрсөтүп, аларды дайыма канатына калкалап келет.