КОЧКОРДО КУМТӨРДҮН КОЛДООСУ МЕНЕН КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЫ АЧЫЛДЫ

КОЧКОРДО КУМТӨРДҮН КОЛДООСУ МЕНЕН КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЫ АЧЫЛДЫ

Жарыяланган: 27 January 2024

Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болду.

Бул спорттук аянтчанын курулуш иштерине «Кумтөр Голд Компани» колдоо көрсөтүп, 1,5 миллион сом бөлүп берген.

Мындан тышкары, Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы орто мектептин информатика кабинетин жабдуу үчүн «Кумтөр Голд Компани» 1 млн сом бөлгөн. Жакынкы арада мектепке бардык керектүү жабдуулар алынып келинип, орнотулат.

Ошондой эле, социалдык милдеттенмелерди аткаруунун алкагында ишкана тарабынан үстүбүздөгү жылдын январь айында Кочкор районунда жашаган социалдык аялуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 100 тонна көмүр таратылган.