«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» БАРСКООНДОГУ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» БАРСКООНДОГУ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

Жарыяланган: 07 February 2024

Билим берүү тармагын колдоо «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун социалдык саясатынын маанилүү багыттарынын бири.

Кумтөр ишканасы өткөн 2023-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жайгашкан №55 кесиптик лицейдин 80 орундуу жатаканасын курууга жана Кызыл-Суу айылындагы 100 орундуу филиалын ачууга көмөктөшкөн.

Жакында эле аталган филиалдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого Кумтөр кошумча 425 миң сом жардам көрсөттү.

1983-жылы ачылган №55 кесиптик лицейде бүгүнкү күндө учурдун эмгек рыногунда өтө көп талап кылынган электрик, ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу, ветеринар сыяктуу адистиктер боюнча 330дан ашык жаштар билим алууда.