Ишке орношуу тартиби

Ишке орношуу тартиби

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Компаниянын саясатына жана процедураларына ылайык, ишке кабыл алуунун ачык-айрым процессин камсыз кылат. Бизде эң татыктуу талапкерлерди аныктоо боюнча так критерийлер бар.

Талапкерлердин билими жана квалификациялык сапаттары арыз берилген позицияларга дал келиши керек. Талапкерлердин билими жана квалификациялык сапаттары арыз берилген позицияларга дал келиши керек, талапкерлер кен ишканасында бийик тоо шарттарында иштөө үчүн зарыл болгон жакшы саламаттыгы бар экенин далилдөө үчүн медициналык изилдөөдөн өтүүгө тийиш. Айрым иштер үчүн (мисалы, бургулоо жабдуусунун машинистинин күбөлүгү/жардыруучунун бирдиктүү китепчеси) атайын мамлекеттик сертификаттардын болушу талап кылынат.

Персоналды жалдоо процессибиз эл аралык стандарттарга дал келет жана калыстык менен ачыктыкты камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өнөктөштөрдүн мамилесин эске алат:

  • Алгач кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана карьердик өсүш үчүн кулактандыруулар тактасында «Бош орундар» аталышы астында ички кулактандыруу жайгаштырылат;
  • Ишкананын ичинде ылайыктуу талапкерлер жок болгондо талапкерлерди тыштан тандоо демилгеленет;
  • Вакансиялар жөнүндө маалымат ишкананын веб-сайтында, жумуш издөө сервистеринде (интернет-рекрутменттерде), жергиликтүү жамааттарда жайгаштырылат;
  • Талапкерлерди тандап алуу үчүн жарыяланган вакансияларга ар ким анкета бере алат;
  • Талапкерлерди тандап алууда үй-бүлөлүк жана жеке байланыштар үстөмдүк же артыкчылык кылбайт;
  • Кызматты алуу үчүн негиз болуп квалификация, тажрыйба жана ишке жарамдуулук саналат;
  • Компаниянын персоналды тандоо боюнча комиссиясы рекомендация берет, ал эми акыркы чечим жогору турган жетекчилик тарабынан кабыл алынат.

Ишке орношуу кадамдары

1. Ылайыктуу талапкерлерди анкеталары аркылуу тандап алуу.

Ишке кабыл алууда талапкердин анкетасы ишке орноштуруу жолундагы биринчи кадам болуп саналат. Анкета сиз, сиздин билимиңиз, квалификацияңыз жана көндүмдөрүңүз жөнүндө маалыматтын маанилүү булагы болуп саналат. Аны толук жана тыкан толтуруу үчүн убакыт жумшоо жана көңүл буруу керек.

Анкетаны бул жерден табууга болот.

Анкетага билимиңиз жана иш тажырыйбаңыз жөнүндө маалыматты (резюме, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, дипломдор, сертификаттар ж.б.) тиркеп койгонуңуз жакшы болот.
Талаптарга ылайык келишкен талапкерлер кийинки этапка чакырылат.

2. Аңгемелешүү.

Бул этапта биз үчүн сиздин кесиптик квалификацияңыз гана эмес, ошондой эле сиздин жеке сапаттарыңыз жөнүндө да маалымат алуу өтө маанилүү.

3. Тестирлөө.

Зарыл болгон учурда, вакансияга жараша, тандап алынган адистиктин бардык талаптарына жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылышат.
Үч этаптан кийин комиссия тарабынан компаниянын жетекчилигине ишке алуу боюнча рекомендация берилет. Акыркы чечимди Компаниянын жетекчилиги кабыл алат.

Эгерде комиссия сизди ишке ылайыктуу деп чечсе:

Андан ары сиз медициналык кароого багыттама аласыз. Медкароодон ийгиликтүү өткөн соң, керектүү тренингдерден өтөсүз жана төмөндөгү тизме боюнча документтерди чогултасыз. Андан ары персоналды башкаруу бөлүмүнүн кызматкери Сиз менен байланышып, кийинки аракеттериңизди түшүндүрүп берет.

Эгерде медкароодон ийгиликтүү өтсөңүз, анда сиз мурдагы иштеген жериңизден бошонуп жана биздин компанияга иштөөгө таризделе аласыз.

Ишке кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

  • паспорт,
  • 3х4 өлчөмүндөгү эки түстүү фотография,
  • акыркы иштеген жеринен бошотулгандыгы жөнүндө жазуусу менен эмгек китепчеси,
  • сиздин квалификацияны тастыктоочу диплом/күбөлүк/сертификат жана башка документтер,
  • пенсиялык күбөлүк (эгер болсо),
  • соттолбогондугу тууралуу тастыктама (оригинал)
  • айдоочулук күбөлүк (эгер болсо)
  • аскердик билет/аскердик каттоо күбөлүгү (анын ичинде, афганчы/чернобылчы/баткенчи күбөлүктөрү, эгер болсо)

Эгерде комиссия азыркы учурда сизди бул ишке ылайыктуу эмес деп чечсе:

Сиз кийинчерээк – зарыл көндүмдөрдү талап кылынган деңгээлге чейин өнүктүрдүм деп сезген учурда бул кызматка дагы бир жолу анкета бере аласыз же сиз анын талаптарына ылайык келген башка кызматка анкета бере аласыз.

Сиздин анкеталарыңыз ишке талапкерлердин маалыматтар базасында сакталат.