2018-жылдын экинчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

2018-жылдын экинчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Жарыяланган: 13 August 2018

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын экинчи чейректкги өндүрүшүн жыйынтыктаты. КГК алты айда 184023 унция1 же 5723,76 кг алтын өндүрүп, 4,15 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

 Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

Кумтөрдө алтын өндүрүү көлөмү 2018-ж. экинчи чейрегинда 83 803 унцияны түздү, өткөн жылдын ушул мезгилинде ал 138 623 унцияны түзгөн. Көрсөтүлгөн төмөндөө квартал ичинде фабрикада 2017-жылы иштетилген, 17-жумушчу участокто казып алынган складдагы рудага салыштырмалуу алтындын курамы жана бөлүп алуу коэффициенти жардыраак болгон Сары-Төр карьеринен кампалык руданы фабрикалык кайра иштетүү жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасы. 2018-ж. экинчи чейрегинда фабрикага берилген рудадагы алтындын орточо курамы 70,3% бөлүп алуу коэффициентинде 2,27 г/т түздү, 2017-ж. ушул чейрегинда көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 3,53 г/т жана 79,3%ды түзгөн.

2018-ж. II чейрегинде 90 620 унция, же 2,82 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-ж. экинчи чейрегинде 117,3 млн долларды2 түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

 Операциялык чыгымдар жана топтомо көрсөткүчтөр:

Кыртыш иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык чыгымдар (сатып өткөрүүнүн көрсөткүчтөрүнүн негизинде)4, 2018-ж. экинчи чейрегинде 81,0 млн долларды түзүү менен 5,7 млн долларга кыскарган, 2017-ж. ушул чейрегинда алар 86,7 млн түзгөн. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, бирок запастардын деңгээлдеринин өзгөрүүсүнө чейинки операциялык чыгымдардын башкы курамдарынын (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кенди кармоо) динамикасы төмөнкүдөй түрдө түшүндүрүлөт.

Кыртыш ачуу иштерин кошо алганда, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар:

2018-ж. экинчи чейрегинда кыртыш ачуу иштерин кошо алганда, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар жалпысынан 53,6 млн долларды, башкача айтканда 2017-ж. ушул чейрегине салыштырмалуу 5,3 млн долларга көптү түздү. 2018-ж. экинчи чейрегинде чыгымдардын көбөйүшү отунга тарифтердин өсүшү жана ташуунун аралыгынын көбөйүшүнө байланыштуу аны керектөөнүн чоң көлөмүнүн улам дизель отунун сатып алууга чыгымдардын өсүшү (7,2 млн доллар), ошондой эле чет элдик валюта курсунун терс термелүүсүнөн улам, эмгек акыга чыгымдардын өсүшүнө (0,6 млн доллар) байланышкан. Чыгымдардын бул өсүшү 2018-ж. экинчи чейрегинда жүк ташуучу машиналар менен Liebherr экскаваторлорун ремонттоо иш көлөмүнүн 2017-ж. ушул чейрегина салыштырмалуу төмөндөгөнүнө байланыштуу, техникалык тейлөөгө чыгымдардын төмөндөшүнүн эсебинен (2,9 млн доллар) жарым-жартылай теңделген.

Фабрикалык чыгымдар:

Фабрикалык чыгымдардын көлөмү 2018-ж. экинчи чейрегинда 16,6 млн долларды түздү, 2017-ж. ушул чейрегинда алар 16,5 млн түзгөн. 2018-жылдын экинчи чейрегинде фабриканын өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашынан келип чыккан фабрикалык реагенттерди сатып алууга чыгымдардын өсүшү (1,1 млн доллар) техникалык тейлөөгө чыгымдардын төмөндөшүнүн эсебинен жарым-жартылай теңдештирилген.

 Кен ишканасын кармап турууга чыгымдар:

2018-ж. экинчи чейрегинда кен ишканасын кармап турууга чыгымдар жалпысынан 12,8 млн долларды түздү, 2017-ж. ушул чейрегинда алар 11,3 млн долларды түзгөн. Көбүнчөсү тамак-аш продуктыларын сатып алууга чыгымдар жана башка чыгымдар менен байланышкан бул өсүш камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмүн төмөндөтүү менен жарым-жартылай теңдештирилген.

 Башка нарктык көрсөткүчтөрдүн динамикасы:

Продукцияны сатып өткөрүү менен байланышкан жешилүүгө, кунарсызданууга жана амортизацияга чыгымдар кыскарган жана 2018-ж. экинчи чейрегинда 31,4 млн долларды түздү, ошол эле учурда 2017-ж. ушул чейрегинда алар 41,0 млн долларды түзгөн. Бул төмөндөө негизинен сатып өткөрүүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү менен байланышкан. Ага дүң продуктыга салык кирбеген негизги фондуларды колдоого жалпы чыгымдар сатып өткөрүлгөн продукциясынын унциясына кайра эсептегенде4, 2018-ж. экинчи чейрегинда 1071 долларды түздү, 2017-ж. ушул чейрегинда ал 782 долларды түзгөн. Бул өсүш негизинен сатып өткөрүүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшүнөн жаралган, ал кыртыш иштерин капиталдаштырууну кыскартуу менен жарым-жартылай теңдештирилген.

Дүң киреше салыкты эсепке алуу менен аралык продуктынын негизинде жалпы жумшоолор сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде4 2018-ж. экинчи чейрегинда 1254 долларды түздү, 2017-ж. ушул чейрегинда ал 959 долларды түзгөн. Негизги фондуларды колдоп турууга топтомо чыгымдардын көбөйүшүнөн келип чыккан бул өсүш4 (жогорудан караңыз), 2018-ж. экинчи чейрегинда продукцияны сатып өткөрүүдөн кирешелердин кыскарышынын натыйжасында жарым-жартылай теңдештирилген.

 Негизги өндүрштүк натыйжалар5

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 – Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
4 – «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2018-жылдын 1-августундагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат
5 – Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» пресс-релизине негизделген

КР казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар
2018-жылдын экинчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,91 миллиард сомдон ашты.

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

Комментарий
Компаниянын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Пери экинчи чейрек жыйынтыктарын төмөндөгүдөй комментарийледи: “Биз Work Safe – Home Safe программасы бүт жамаатты камтып, дагы бир чейректи өнөр-жай объектилер жана курулуш аянттарда травмасыз аяктадык. Биз программанын экинчи этабын ишке ашырууну улантып, иш орунунда травматизмди нөлгө түшүрүүгө жетишүүгө умтулабыз.

Кумтөрдөгү катмар боюнча минералдашуу тармагындагы потенциалдуу запастарды эксплуатациялык жеткире чалгындоонун алкагында Директорлор кеңеши квартал ичинде жалпы көлөмү 60 миң метр болгон бургулоо иштеринин эки жылдык программасын бекитти. Бул иштерди жүргүзүү орду болуп карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр участоктору, ошондой эле түндүк-чыгыш максаттуу аймагы аныкталды. Көрсөтүлгөн программа үчүн иштерди финансылоого жылдар боюнча төмөнкүдөй: 2018-жылы 6,5 млн. доллар жана 2019-жылы 11,5 млн доллар бөлүштүрүлүү менен жалпы көлөмдө 18 млн доллар бөлүнгөн.

***

Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-мартына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,7  млн унция же 363,4  тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

 «Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек,  Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100% ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири  акционери. 2018-жыл,13-августка карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 349 млн доллардан ашты.

 “Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR www.sedar.com   системасында жана www.centerragold.com  жана  www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

 Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 media@kumtor.com

Соңу –