КГКнын МЕНЕДЖЕРЛЕРИ БИЗНЕС КОММУНИКАЦИЯЛАР БОЮНЧА БИР КҮНДҮК ТРЕНИНГГЕ КАТЫШУУДА

КГКнын МЕНЕДЖЕРЛЕРИ БИЗНЕС КОММУНИКАЦИЯЛАР БОЮНЧА БИР КҮНДҮК ТРЕНИНГГЕ КАТЫШУУДА

Жарыяланган: 16 April 2024

Иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында «Кумтөрдүн менеджерлер мектеби» долбоорунун алкагында, кызматтык милдети мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз корпоративдик сүйлөшүүлөрдү жана кызматтык кат алышууларды жүргүзүү менен байланышкан «Кумтөр Голд Компанинин» түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн бир күндүк тренинг уюштурулду.

Окуунун жүрүшүндө катышуучулар жолугушууларды уюштурууда жана өткөрүүдө убакытты үнөмдөө, баардык тараптарды талкууга тартуу, жетишилген макулдашууларды так аткаруу боюнча негизги усулдарды өздөштүрө алышат.

«Кумтөр Голд Компанинин» кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аманбек Сатыбеков «компаниянын ичиндеги коммуникацияларды жакшыртуу – натыйжалуу иштөөгө жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүгө өбөлгө түзөт», – деди.