Тоӊ районунун Кажысай айылында тамчылатып сугаруу ɵнүгүүдө

Тоӊ районунун Кажысай айылында тамчылатып сугаруу ɵнүгүүдө

Жарыяланган: 23 September 2015

Тоӊ районунун Кажысай айылында жаштар уюму “Кумтɵр” компаниясынын колдоосу менен коомдук парктагы бактарды тамчылатып сугаруу системасын ɵнүктүрүүдɵ. Зарыл жабдууларды жана материалдарды сатып алууга компаниянын салымы 60 000 сомду түздү.

2013-жылы компания аянты 3,5 га. түзгɵн паркты курчоого да каражат бɵлгɵн. Жаштардын ою боюнча, парк кɵлɵкɵдɵ сейилдɵɵчү гана жай болбостон, биринчи түшүмдү чогулткандан кийин жергиликтүү бюджетке пайда да алып келмекчи. Азырынчаболсо жаштар жаңы отургузулган кɵчɵттɵрдү сугаруу менен алектенишүүдɵ жана болочок алма жана алмурут багын тамчылатып сугаруунун натыйжалуулугуна жетине албай жатышат.

drip_irrigation1

Тамчылатып сугарууну Кажысайда “Тоӊ Финанс” микрокредиттик агенттиктин кардары Сабыр Алишеров да жайылтууда. Кредитти фермер 10% жылдык үстɵк менен алган. Пенсионер 1 га. аянтка карагат, алча, ɵрүк жана алма отургузган.

“Ɵсүмдүктɵрдү тамчылатып сугаруу жабдуусу ар бир бак, огород же дача ээсине пайдалуу, буга ɵзүм ынандым. Ал багабандарга жумшалуучу ресурстарды үнɵмдɵɵгө мүмкүнчүлүк да берет, сугатты кылдат жана так жөндөөгө жана эӊ башкысы, ɵсүмдүктɵрдүн жакшы жана текши ɵсүшү менен түшүмдүүлүгүн арттырат. Мен өндүргөнүмдү дүӊүнɵн ɵткɵрɵм жана бул мен үчүн маанилүү кɵрсɵткүчтɵрдүн бири”, – дейт багбан.

drip_irrigation2

«Кумтɵр” компаниясы үчүн Ысык-Кɵл облусун ɵнүктүрүү боюнча демилгелерибиздин жана долбоорлорубуздун туруктуу болгону маанилүү. Ресурстарды облус үчүн туруктуу жана ошол эле убакта инновациялык долбоорлорго салуу эки эсе жагымдуу. Фермерлердин айыл чарбасында колдонулчу жаӊы натыйжалуу технологияларга окутулганы, ɵзгɵчɵ алар суу ресурстарын сарамжал пайдаланууга багыт алганы маанилүү. Коомдук паркта тамчылатып сугаруу системасын киргизүү жергиликтүү калктын сугаттын рационалдуу жана натыйжалуу методдоруна кызыгуусуна түрткү берет деп ишенем”,- деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» Туруктуу ɵнүктүрүү боюнча директору Актилек Түнгатаров.

Маалымат үчүн: Облус фермерлерин жана майда ишкерлерин микрокредиттɵɵ программасы аймакта 2006-жылдан баштап жүзɵгɵ ашырылууда жана Кɵл кылаасын социалдык-экономикалык ɵнүктүрүүгɵ багытталган. Компаниянын колдоосу менен үч микрокредиттик уюм (“Жети-Ɵгүз”, “Тоӊ Финанс” жана “Балыкчы Финанс”) түзүлгɵн, алар насыяларды Кыргызстанда эӊ тɵмɵн – жылдык 10дон 12ге чейинки үстɵк пайыздык менен берүүдɵ. 2015-жылдагы каржылоону кошо алганда, 2006-жылдан баштап Компания микрокредиттик мекемелерди ɵнүктүрүү программасын жүзɵгɵ ашырууга 4,5 млн. ашуун доллар жумшаган. Бул программадан улам Ысык-Кɵл облусунун каржы алууга кызыкдар жашоочулары фермердик чарбаларын, малчылыкты ɵнүктүрүү, кичи жана орто бизнести түзүү жана колдоп туруу үчүн тɵмɵн үстɵк пайыз менен насыя алууга билдирме бере алышат.