Жабык
“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Улук геолог (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-066
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Геологиялык чалгындоо иштеринин долбоорлорун жана пландарын иштеп чыгуу;
- Геологиялык чалгындоо участокторунда геологиялык чалгындоо иштерине тике жетекчилик кылууну ишке ашыруу жана геологиялык чалгындоо иштеринин пландуу көрсөткүчтөрүн өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылуу;
- Жер казынасын геологиялык изилдөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча методикалык жоболордун, нускамалардын жана талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана контролдоо;
- Айлык, кварталдык, жылдык отчетторду түзүү жана берүү;
- Компаниянын талаптык ченемдерин жана эрежелерин сактоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Геология жаатында жогорку билим;
- Жетекчи, улук, башкы геолог кызматында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
– Кыргыз Республикасынын жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо мыйзамдары жана башка ченемдик-укуктук актылары;
– геологиялык чалгындо иштерин жүргүзүү принциптери, ыкмалары, эрежелери жана шарттары;
– геологиялык чалгындоо иштери боюнча отчеттуулуктун тартиби жана эрежелери;
– геология жана тоо-кен чөйрөсүндө колдонулган адистештирилген программалар: Gems, Datamine, AutoCad, Leapfrog Geo;
– ишти өз убагында бүтүрө билүү, мыкты команда жана коммуникация жөндөмү, тактык, стресске туруктуулук;
- «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 24-март саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-066.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.