УЛУК ГЕОЛОГ

УЛУК ГЕОЛОГ

Жарыяланган: 15 March 2022

Жабык

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК 

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Улук геолог (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-066 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Геологиялык чалгындоо иштеринин долбоорлорун жана пландарын иштеп чыгуу;
  • Геологиялык чалгындоо участокторунда геологиялык чалгындоо иштерине тике жетекчилик кылууну ишке ашыруу жана геологиялык чалгындоо иштеринин пландуу көрсөткүчтөрүн өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылуу;
  • Жер казынасын геологиялык изилдөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча методикалык жоболордун, нускамалардын жана талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана контролдоо;
  • Айлык, кварталдык, жылдык отчетторду түзүү жана берүү;
  • Компаниянын талаптык ченемдерин жана эрежелерин сактоо.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Геология жаатында жогорку билим;
  • Жетекчи, улук, башкы геолог кызматында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– Кыргыз Республикасынын жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо мыйзамдары жана башка ченемдик-укуктук актылары;

– геологиялык чалгындо иштерин жүргүзүү принциптери, ыкмалары, эрежелери жана шарттары;

– геологиялык чалгындоо иштери боюнча отчеттуулуктун тартиби жана эрежелери;

– геология жана тоо-кен чөйрөсүндө колдонулган адистештирилген программалар: Gems, Datamine, AutoCad, Leapfrog Geo;

– ишти өз убагында бүтүрө билүү, мыкты команда жана коммуникация жөндөмү, тактык, стресске туруктуулук;

  • «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 24-март саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-066.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.