Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттары Кумтөр кенинде сырттан жыйын өткөрүштү. Иш сапардын максаты – компаниянын иши менен жеринде таанышуу жана республиканын тоо-кен казып алуу комплексин стабилдүү өнүктүрүү үчүн мыйзам деңгээлинде эмне кылуу керек экендигин билүү.
Сапардын жүрүшүндө парламентарийлер кендин борбордук карьери, алтын ылгоо фабрикасы, оор тоо-кен техникасын оңдоочу жайлары, калдык сактоочу жайдын дамбасы жана Петров көлү сыяктуу негизги объектилери менен таанышышты. Ишкананын кызматкерлери депутаттарга өздөрүнүн жумуштары жана ишкананын кандай иштеп жатканы тууралуу айтып беришти.
“Чынын айтсам, абдан жакшы таасир калтырышты. Баардыгы штаттык режимде иштеп жатат”, – деп билдирди КР Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы Азизбек Турсунбаев иш сапар тууралуу ойлору менен бөлүшүп жатып, – “Буга чейин комитеттеги кесиптештерим менен депутат катары биринчи иш сапарыбыз Кумтөр кенине болот деп макулдашкан болчубуз. Бул маселени биз Министрлер Кабинетинин төрагасы менен да макулдаштык. Кумтөр Кыргызстандын менчигине өткөндөн кийин анын кандай иштеп жатканын өз көзүбүз менен көргүбүз келди. Биздин комитеттин депутаттарынан тышкары, башка кесиптештерибиз да келишти”, – деп билдирди.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКта тышкы башкаруу киргизилгенден кийин кенде олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканына депутаттар жеке ынанышты. Руданы казып алуу жана алтын өндүрүүнү натыйжалуу жана эң негизгиси адамдар жана жаратылыш үчүн коопсуз болуу үчүн ондогон жаңы модернизациялоо долбоорлору ишке киргизилди.
Эми “Кумтөрдү” өлкөнүн башка кендерин камтыган “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинги башкарат. Мына ушундан улам бүтүндөй тоо-кен тармагын өнүктүрүү суроолору депутаттар менен Улуттук холдингдин президенти Теңиз Бөлтүрүктүн ортосундагы диалогдун негизги темасы болду.
“Келечектеги долбоорлордо Холдинг толук өндүрүш чынжырын курууну көздөп жатат”- деп билдирди Теңиз Бөлтүрүк, – “Дүйнөдө эң арзан электр энергиясын колдо кармап туруп, жалаң гана руда казып алуу жана чийки зат өндүрүү бул жарыбас иш. Ошондуктан, биз даяр продукция жасоого салым жасайбыз, бул биздин түпкү максатыбыз болот. Кыргызстандын өнүгүүсү буга көз каранды, ал эми мамлекеттик бюджетке ири финансылык салымдарды алып келет”.
Парламенттик комитеттин сырттагы отурумунун натыйжасында, комитет мүчөлөрү азыр Кумтөрдө колдонулуп жаткан тажрыйба менен өндүрүшкө болгон мамилени Кыргызстандын башка компаниялары да кабыл алуулары керектигин белгилешти. Мындан тышкары, депутаттар келечекте Улуттук холдингдин ишмердүүлүгүнүн алкагында ишке ашыруусу пландалган демилгелерге мыйзамдык деңгээлде колдоо көрсөтүүгө убада беришти.