«Кумтөр Голд Компанинин» башкы артыкчылыктарынын бири – өз ишмердигин жүргүзгөн аймакты толук өнүктүрүүгө салым кошуу аракети. Бир топ жылдардан бери компания жергиликтүү коомчулуктарга ынанымдуу өнөктөш болууга бар күчүн жумшап келет. Биздин конструктивдик кызматташтык – компаниянын ийгиликтүү ишмердигинин өбөлгөсү.
Аймакта өз программаларын жүзөгө ашыруу аракетинде компания төмөнкү төрт багытты камтыган Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү стратегиясын бекем карманат:

  • Айыл чарба тармагын өнүктүрүү;
  • Кичи жана орто бизнестин түрдүүлүгүнө жана өнүгүшүнө көмөктөшүү;
  • Облус жаштары менен өз ара аракеттешүү жана билим берүү демилгелерин колдоо;
  • Экология

Ушул тапта «Кумтөр» тарабынан колдоого алынган бардык долбоор жана демилгелер компания өз ишмердигин жыйынтыктай турган 2026-жылы өз алдынча, туруктуу жана облус калкына жана жергиликтүү бюджетке киреше алып келе тургандай абалда жетиши биз үчүн абдан маанилүү.

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү:

Карагат плюс
«Карагат+» үч жылдык долбоору Ысык-Көл облусунда 2013-жылдан бери ишке ашырылып келет. Ынтызар ысыккөлдүктөр үчүн аталган долбоорго кошулуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн, анда адистер күнөсканаларды жана облус аймагында айыл чарба өндүрүмдөрүн кабыл алуу жайларын ачууга бардык жагынан жардамдашат.
Компаниянын өнөктөшү болгон «Авеп» фондунун кызматкерлери фермерлерге түшүмү бай мөмө-жемиштин суукка чыдамдуу, дартка чалдыкпаган түрлөрүн өстүрүү, аларды сактоонун жолдорун, ошондой эле талааны сугаруунун жаңы ыкмаларын үйрөттү.БиоразнообразиеБиоразнообразие
Долбоордун алгачкы баскычында атайын чакырылган адистер катышуучуларга түшүмдү өткөрүү каналдарын түзүү жана мөмө-жемишти сатуудан түшкөн пайданы жогорулатуу жолдорун да окутушту. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана маркетингдик стратегиялары боюнча алган билимдерин фермерлер жыл сайын өткөрүлчү фестивалда иш жүзүндө пайдаланып жана бекемдеп келишет. «Карагат фестивалы» алар үчүн тажрыйба алмашуу жана сатуу каналдарын түзүү аянтчасына айланды. Ысыккөлдүктөр жаңы үйрөнгөндөрүн мыкты өздөштүргөн экен – 2014-жылы эле алар аймак эле эмес, өлкөдөн сырткары 50 тонна мөмө-жемишти экспорттоого келишим түзүүгө жетише алышты.

«Карагат +» долбоору боюнча кеңири маалымат

Айыл чарбасына жаңы ыкмаларды киргизүү
Айыл чарбасы – аймактын экономикасынын жана Ысык-Көл облусунун ар бир түтүнүнүн жыргалчылыгынын маанилүү бөлүгү. Компания тургундар үчүн айыл чарба тармагынын маанисин түшүнүү менен бир топ жылдан бери жергиликтүү фермерлерди колдоп, аларды жаңы ыкмалар жана талааны сугаруунун жаңы жолдору менен тааныштырып келет. Компаниянын даанышмандары кызыкдар фермерлерге күнөскана куруу жана анда жашылча-жемиштин түрлөрүн өстүрүү боюнча окутат. Компаниянын демилгелеринен улам тургундар күн батареяларынын эффективдүүлүгүнө ынанышты. Азыр буларды суу насосторунун ишинде жана жемиш кургатуу долбоорунда пайдаланышууда. Жемиш кургатууга жабдылган 20 тонналык алты контейнерди фермерлер бардыгыбыз жактырган кургатылган жемиштерди өндүрүүгө пайдалана алат. Система толук түрдө автономдук, себеби, ишинде күн энергиясын пайдаланат.
Innovations
Ирригациялык системаны калыбына келтирүү
Жергиликтүү коомчулукка маанилүү багыттардын бирине – облус тургундарынын басымдуу бөлүгү алектенген айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгү жана кирешени жогорулатууга компания өз ресурстарын жумшап келет. Сууга болгон муктаждыкты жоюу үчүн компания ирригациялык системаларды калыбына келтирүү боюнча бир канча долбоорду колдоп келет. Жер айдоо иштерине жергиликтүү кызмат көрсөтүүчү ишканалар жана кен чыгаруучу жайдын техникасы тартылат. Бул программанын алкагында каналдар, суу толтурулчу чуңкур жана сутка ичинде пайдаланылчу суу бассейндери тазаланып, мындан улам Жети-Өгүз жана Тоң району сугат суу менен камсыздалат.

Кичи жана орто бизнестин түрдүүлүгүнө жана өнүгүшүнө көмөктөшүү

Кичи насыя агенттиктери
Облустун фермерлерин жана майда ишкерлерин кичи насыялоо программасы аймакта 2006-жылдан бери жүрүп, Ысык-Көлдүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган. Компаниянын колдоосу менен Кыргызстанда эң төмөнкү пайыздык үстөк – 10-12% менен насыя берген үч кичи насыялоо агенттиги түзүлгөн. 2006-жылдан бери компания кичи насыялоого 3 миллион 910 миң АКШ долларын салган.
Micro Credit
Аталган программа аркылуу Ысык-Көл облусунун каражат алууга кызыкдар тургундары кичи жана орто бизнести жаратып, ошондой эле өздөрүнүн дыйкан, мал чарбаларын кеңейтүүгө төмөн пайыздык үстөк менен насыя алууга тапшырыктарын берсе болот.

Облус жаштары менен өз ара аракеттешүү жана билим берүү демилгелерин колдоо

«Ысык-Көл облусунун жаштар банктары»
Youth Banks«Ысык-Көл облусунун жаштар банктары» долбоору 2013-жылы башат алган. Компаниянын аталган долбоорго салымы 300 000 АКШ долларын түзгөн. Долбоорду Борбордук Азиядагы Евразия фонду (ФЕЦА) ишке ашырып келет. «Жаштар банкы» социалдык муктаждыктарын жоюу жана жарандык активдүүлүк жана жеке жоопкерчилик өңдүү баалуулуктарды өрчүтүү максатын көздөйт.
«Жаштар банкынын» мүчөлөрү жергиликтүү муктаждыктарды баалап, жаштардын тапшырыктарын карап, артыкчылыктуу долбоорду каржылайт. Ар бир «Жаштар банкы» 8-10 ыктыярчыдан туруп, кичи гранттарды берүү комитети катарында иш алпарат. Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү боюнча демилеси бар 14-25 жаштагы жаштар сынакка катышып, өз тапшырыктарын тапшыра алат. Демилгелер инфраструктураны калыптандыруу, окутуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү, ошондой эле маданий, спорттук жана башка коомдук иш-араларды камтый алат.

Стипендиалдык программа
EducationАйылдык жаштарды колдоо – компаниянын башкы артыкчылыктарынын бири. 14 жыл ичинде компания Ысык-Көл облусунун бүтүрүүчүлөрүн баш калаадагы эки кесиптик лицейде окутуу стипендиалдык программасын колдоп келет. Балдар жүк ташуучу жана жеңил унааларды оңдоо боюнча слесарь, автоэлектрик, ширетүүчү жана ашчылыкты өздөштүрө алат. Стипендиаттарды тандоодо артыкчылык көп балалуу, муктаж үй-бүлөлөрдүн жана ата-энесинен ажыраган балдарга, ошондой эле сабагындагы жакшы жетишкендиктери жана кесиптик билим алууга көөнү бар балдарга берилет. Стипендиаттардын үч жыл сүрчү окуу, жашоо жана тамак-аш чыгымдарын компания толугу менен өз мойнуна алат. Жетишкендиктери жогору студенттер алган билимдерин кен чыгаруучу жайда иш жүзүндө бекемдей алышат. Программа башталгандан тарта бүтүрүүчүлөрдүн 65 пайызы «Кумтөр» кенине ишке кабыл алынды. Өткөн жылы компания аймактын жаш балдарын окуутууга 50 миң АКШ долларын инвестициялаган.

Экология

Болочок лидерлер үчүн экологиялык лагерлер
Компания аймак жаштарынын дараметин өрчүтүүгө терең маани берип, мектеп окуучуларын жана студенттерди окутууга багытталган демилгелерди колдоого умтулат. 10 жылдан бери Чоң-Жаргылчак айылында «Эдельвейс» пансионатынын базасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына экологиялык лагерь уюштурулуп келет. Лагердин 10 жылдык ишинде 300 бала эс алуу менен бирге жаңы билимге да ээ болушту. Экология маселелерине кызыккан студенттер жана жаш адистер үчүн «Жашыл ой» кеңири программасы иштейт. Ал Ысык-Көл жээгиндеги лагердин эки айлампасын, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн жаратылышты коргоо ишмердигиндеги тажрыйба алмашуу максатында келген адистердин катышуусундагы эл аралык форумду камтыйт.

Jashyl Oi