КУМТӨР ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДА ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ 2,6 МЛН СОМ БӨЛДҮ

КУМТӨР ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДА ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ 2,6 МЛН СОМ БӨЛДҮ

Жарыяланган: 05 February 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында жергиликтүү коомчулуктарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык жардам көрсөтүүнү улантууда.

Жакында эле «Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагына 2,6 миллион сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөттү. Каржылык колдоо «Кызыл-Суу агро өнөр жай комплекси» муниципалдык ишканасына караштуу 30 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотууга багытталды.

Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу кошумча жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү дыйкандарга сапаттуу продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгү жаралмакчы.