2016-жылдын II чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

2016-жылдын II чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 17 August 2016

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2016-жылдын II чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Биринчи жарым жылдыкта “Кумтөрдө” 184 168 унция* же 5 728,27 кг алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 3,01 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2016-ж. II чейрегинде “Кумтөрдө” №17 иш участогунан келип түшкөн жана өткөн жылы топтолуп коюлган запастардан руданы кайра иштетүү улантылган. 2016-ж. II чейрегинде 97 724 унция алтын өндүрүлдү, ошол эле учурда 2015-ж. ушул мезгилинде 122 111 унция алтын өндүрүлгөн. Өндүрүш көлөмүнүн азыркы төмөндөшү кайра иштетүү үчүн топтолуп коюлган запастардан жана №17 жумушчу участоктон курамында металлы төмөнүрөөк болгон руданы кайра иштетүүгө байланышкан. Өткөн жылы болсо, тескерисинче, компания 16-борттун төмөнкү баскычтарынан топтолуп коюлган байыраак руданы кайра иштеткен. Өткөн чейректе Кумтөрдө 1,6 млн. тонна, же 2015-ж. II чейрегине салыштырмалуу 4%га көп руда кайра иштетилген. Фабрикалык кайра иштетүүгө келип түшкөн рудадагы алтындын курамы орточо 2.63 г/т, а бөлүп алуу пайызы — 71,9%ды түздү, ошол эле учурда 2015-ж. II чейрегинде бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө – 3,26 г/т жана 77,5%ды түзгөн. Алтын ылгоочу фабриканын кубаттуулугун жогорулатуудан улам 2016-ж. II чейрегинде суткасына орточо 17 700 тонна руда кайра иштетилген, ошол эле учурда 2015-ж. бул чейрегинде – 17 100 тоннадан руда кайра иштетилген.

2016-ж. II чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 127 909 унция, же 3,98 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 161,62 млн долларды** түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КРдин аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Өндүрүштүк чыгымдар жана капиталдык жумшоолор

Сатып өткөрүлгөн алтындын бир унциясына жалпы чыгымдар*** (дүң киреше салыгы кошулбайт) 2016-ж. II чейрегинде 810 долларды, же 7%га азды түздү, анткени 2015-ж. ушул кварталында 867 доллар болгон. Бул төмөндөө негизги фондуларды колдоп турууга жалпы чыгымдарды кыскартуудан улам мүмкүн болду***.

2016-ж. II чейрегинде капиталдык жумшоолор жалпысынан 44,6 млн. долларды түздү, анын ичинде 13,6 млн. доллар негизги фондуларды колдоого*** –баарынан мурда кайра жабдууга жана техниканын капиталдык ремонтуна; 5,4 млн. доллар өндүрүштү өнүктүрүүгө инвестициялар түрүндө*** жана 25,6 млн. доллар кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга (18,9 млн. доллар акча каражаттары түрүндө). 2015-ж. II чейрегинде капиталдык чыгымдар негизги фондуларды кармап турууга 11,8 млн. долларды***, өндүрүштү өнүктүрүүгө 3,9 млн. долларды*** жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу түрүндө 66,0 млн. долларды (49,5 млн. доллар акча каражаттары түрүндө) кошо алганда, жалпысынан 81,7 млн. долларды, түзгөн.

Сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде негизги фондуларды колдоого жалпы чыгымдар*** (дүң киреше салыгы кошулбайт) 2016-ж. II чейрегинде 8%га кыскарды жана 768 долларды түздү, ошол эле учурда 2015-ж. ушул чейрегинде 835 доллар болгон. Бул кыскаруу негизинен продукцияны сатып өткөрүү көлөмүнүн көбөйүшү менен байланышкан, себеби “Кыргызалтын” ААКы менен болочок сатууларды күрөөгө коюу менен аны финансылаган банк ортосунда келишим түзүү боюнча ошол кезде жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн улам компания 2016-ж. мартынын аягында аны сатууну кийинкиге жылдырган 33 165 унция алтынды сатып өткөргөн.

Кумтөр долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

 

II чейрек, 30-июнга карата I жарым жылдык, 30-июнга карата
2016 2015 % өзгөрүү 2016 2015 % өзгөрүү
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат(млн. USD) 161,62 141,6 14% 234,85 346,6 (32%)
Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)**** 61,6 32,8 88% 80,7 70,7 14%
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 34 744 40 434 (14%) 74 018 82 165 (10%)
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 2 891 168 1 621% 4 717 1 506 213%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 609 1 554 4% 3 151 2 729 15%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,63 3,26 (19%) 2,46 4,06 (39%)
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 71,9% 77,5% (7%) 73,3% 79,4% (8%)
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)* 97 724 122 111 (20%) 184 168 286 383 (36%)
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 3 039,56 3 798,08 (20%) 5 728,27 8 907,51 (36%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 127 909 118 789 8% 189 653 287 974 (34%)
Сатып өткөрүлгөн алтын ( кг  менен) 3 978,42 3 694,75 8% 5 898,87 8 957,00 (34%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы*** (унциясына USD) 1 264 1 192 6% 1 238 1 204 3%
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)*** (млн USD) 13,6 11,8 15% 36,6 24,3 51%
Капиталдык жумшоолор *** (млн USD) 5,4 3,9 38% 10,1 10,3 (3%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)*** (млн USD) 25,6 66 (61%) 39,7 133,5 (70%)
Оңдоп-түздөлгөн операциялык жумшоолор*** (унциясына USD) 511 317 61% 466 280 66%
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор*** (унциясына USD) 768 835 (8%) 816 717 14%
Бардык жумшоолор*** (унциясына USD) 810 867 (7%) 869 753 15%
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен*** (унциясына USD) 987 1 035 (5%) 1 043 922 13%

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
** – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
*** – Түзөтүлгөн операциялык чыгымдар, негизги фондуларды колдоого жалпы чыгымдар, жалпы чыгымдар, ошондой эле өзүнө кирешеге салыкты камтыган жалпы чыгымдар (млн. доллар менен жана продукциянын бир унциясын сатып өткөрүүгө кайра эсептегенде), алтынды сатып өткөрүүнүн бир унциясына орточо баа жана капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого, өнүктүрүүгө да) бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбейт жана “ГААП сырткары көрсөткүчтөр” бөлүгүндө талкууланат.
**** – Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде) өзүнө кендин иштешин камсыздоочу акчалай чыгымдарды: тоо-кен иштеринин наркын, жергиликтүү башкаруу чыгымдарын, роялтини жана жер казынасын эксплуатациялоого салыктарды (мунун кумтөргө тиешеси жок, анда дүң кирешеге салык эсептелет) камтыйт, бирок жешилүүгө, кунарсызданууга жана амортизацияга которууларды камтыбайт.

КР бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2016-ж. II чейрегиндеги КР бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1 448 583 413,24 миллиард сомду түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2016-ж. алты айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

2016-ж. 30-июнга карата USD
Дүң кирешеге салык 29 044 223,15
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 2 234 171,02
Экологиялык төлөм 310 000,00
Кызматкерлердин кирешесине салык 2 276 930,00
КРдин Социалдык фондуна төлөмдөр 9 651 165,90
Бажы төлөмдөрү 327 500,00
Резидент эместердин кирешесине салык 363 602,22
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 413 471,00
Бардыгы 44 621 063,29
30.06.2016-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 67,49
Төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 3 011 297 076,94

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

2016-жылга прогноз

Эсептөөлөргө ылайык, 2016-ж. Кумтөрдө алтын өндүрүү 500 миң – 530 миң унцияны түзүүгө тийиш, а мурда 480 миң – 530 миң унциядай өндүрүү пландаштырылган, ал жөнүндө Компаниянын 2016-ж. 5-майындагы маалыматтык билидрүүсүндө айтылган. Алтын өндүрүүнүн азыркы темптери 2016-ж. кен ишканасын эксплуатациялоонун жалпы планында белгиленген көрсөткүчтөргө дал келет. Бул план “Кумтөр” кен ишканасынын 2015-ж. 20-мартындагы NI 43-101 техникалык отчетунда камтылган, ал SEDAR маалыматты электрондук издөө жана анализ системасында жеткиликтүү. Кен ишканасынын ишмердүүлүгүнүн планына ыллайык, 2016-ж. алтын өндүрүүнүн жылдык көлөмүнүн жарымынан көбү 2016-ж. экинчи жарым жылдыгында камсыз кылынмакчы.

2016-ж. Кумтөрдөгү жалпы капиталдык чыгымдар (кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну эсепке албаганда), эсептөөлөр боюнча, 97 млн. долларды түзүүгө, башкача айтканда, мурда каралгандан 13 млн. долларга аз болууга тийиш. Компания чоң жүк техникасынын айрым түрлөрү (7 млн. доллар) жана фабриканын жабдуусу (2.млн. доллар) үчүн мурда болжолдонулган ири жана майда ремонт иштеринен баш тартуу жана кийинкиге жылдырууга байланыштуу негизги фондуларды колдоп турууга чыгымдардын*** мурда пландаштырылган көлөмүн да 84 млн. доллардан 75 млн. долларга чейин кыскартты.

2016-ж. мурда пландаштырылган өндүрүштү өнүктүрүүгө чыгымдардын көлөмү да 26 млн. доллардан 22 млн. долларга чейин кыскартылды. Бул кыскартуу карьердин контурларынын уланып жаткан кеңейүүсү себебинен улам инфраструктуранын бир катар объектилерин көчүрүүгө чыгымдар сметасын азайтуу (2 млн. доллар өлчөмүндө азаюу) жана башка беренелер боюнча чыгымдарды (2 млн. доллар) кыскартуу менен байланышкан. Карьерди кеңейтүү менен байланышкан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга чыгымдардын акчалай курамы эмгек акыга жумшоолорду азайтууга жана дизель отунунун арзандашына байланыштуу, эсептөөлөргө ылайык, мурда каралган 122 млн. доллардан 108 млн. долларга чейин кыскартылмакчы. Кыртыш ачуу иштери капиталдаштырууга жалпы чыгымдар (эскирүүгө, жешилүүгө жана амортизацияга которууларды кошо алганда) 2016-ж. 145 млн. доллар көлөмүндө (мурда алар 162 млн. доллар суммада пландаштырылган) каралууда.

Чейректик дивиденддер

2016-ж. 26-июлда “Центерра Голд Инк.” компаниянын Директорлор кеңеши ар бир жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө чейректик дивиденд эсептеди. Дивиденд 2016-ж. 25-августта Торонтодогу биржада 2016-ж.11-августка карата катталган бардык акционерлерге төлөнмөкчү.

Комментарий

2016-ж. II чейрегинде өндүрүштүк натыйжаларына комментарий берүү менен “Центерра Голд” компаниясынын башкы кызмат адамы Скотт Пери төмөнкүлөрдү белгиледи: “Өткөн чейректе “Кумтөр” кен ишканасы да жакшы иштеди, ал 97 724 унция алтын өндүрдү, бул биздин пландарга жана эсептөөлөргө толук дал келет. Негизги фондуларды колдоп турууга жалпы чыгымдар сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде жетиштүү атаандаштык деңгээлине — унциясына 768 долларга жетти, жана бул биз баштапкы жылдык планыбызда карагандан олуттуу төмөн. Кен ишканасынын тоо-кен иштеринин планынан озуу менен иштеши, ошондой эле быйыл пайда болгон кошумча өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр дизель отунуна жагымдуу баа жана оң акча-валюталык конъюнктура менен айкалышып бизге биздин алтын өндүрүүнүн көлөмү боюнча, негизги фондуларды колдоп турууга жалпы чыгымдардын*** жана капиталдык чыгымдардын көлөмдөрү боюнча баштапкы эсептөөлөрүбүздү да оң тарапка кайра кароого мүмкүнчүлүк беришти.

Алар жөнүндө биз бүгүн билдирип жаткан өндүрүштүк натыйжалар компанияга баштапкы пландык тапшырманын төмөнкү босогосун көтөрүү менен алтын өндүрүүнүн жылдык көлөмүн да оң жакка кайра кароого мүмкүндүк берет. Эми бул көрсөткүчтө 500 миң – 530 миң унция металл өндүрүү каралган. Компания негиз катарында орточо маанисин алуу менен Кумтөрдө анын деңгээлин сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына 738 доллар, а бүтүндөй компания боюнча – унциясына 800 доллар деңгээлинде белгилөө менен негизги фондуларды колдоп турууга жалпы жумшоолор*** боюнча тапшырманы 14%га кыскартты. Мындан тышкары, Компания анын деңгээлин 140 млн. долларга жеткирүү менен жылдык капиталдык чыгымдардын жалпы суммасын (кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну эсепке албаганда) 48%га кыскартты. Бүгүнкү күндө жетишилген натыйжалар алтын өндүрүү көлөмү жана өндүрүштүк чыгымдар боюнча бардык түзөтүлгөн жылдык көрсөткүчтөр ийгиликтүү аткарыла тургандыгынан үмүттөнүүгө бардык негиздерди берет, анын үстүнө Кумтөрдүн тоо-кенчилери жакында эле SB зонасынын 17-участогунда руданы байыраак кору жайгашкан жерин ачышты”.

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2016-жылдын 30-июнуна чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 10,666 млн. унция же 328,8 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Голд Компани”
толугу менен Centerra Gold Inc. туунду компаниясы жана “Кумтөр” долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») өнүгүүгө багытталган Азияда, Канадада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, алтын өндүрүүчү компания. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. “Центерранын” жөнөкөй акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана 2016-жылдын II чейректеги жыйынтыктары боюнча пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kgкорпоративдик сайттарда.