Жергиликтүү сатып алуулар

Жергиликтүү сатып алуулар

Suppliers

Жергиликтүү рыноктон сатып алууларды арттырууну көздөп, КГК кызматкерлери стандарттуу өндүрүштүк саясаттарга жана этика, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык жана эмгекти коргоо ж.б. негизги жааттардагы процедураларды сакташат.

Ар кайсы алтын казып алуучу ишканадагыдай эле биз контролдой ала турган жалгыз нерсе – бул продукциянын өздүк наркы. Ошондуктан, биз үчүн товарларды жана кызматтарды сатып алууда туруктуулук, сапат жана баалар факторлорун эске алуу маанилүү. «Кумтөр» ишканасынын приоритеттеринин бири, мүмкүн болгон учурда жергиликтүү рынокто товарларды сатып алуу болуп саналса дагы, жергиликтүү берүүчүлөрдүн коюлган критерийлерге ылайык келиши дагы зарыл.

Жергиликтүү рынокто сатып алуулар боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн биз бир катар демилгелерди көтөрдүк, алар, мисалы, биздин талаптарды жергиликтүү гезиттерде жана веб-сайтыбызда жарыялоо; сатып алуу процедуралары жөнүндө презентацияларды өткөрүү; ошондой эле алар жергиликтүү рынокто потенциалдуу алынышы мүмкүн болгон эл аралык рынокто сатып алынуучу товарлар менен кызматтардын аталыштарын аныктоо.

Компания менчик ээлери КР жарандары болгон ишканаларга артыкчылык берип, кен ишканага жакын жайгашкандарына мүмкүн болушунча колдоо көрсөтөт. Аны менен бирге, КГК өлкөдө иштеп жаткан ишканалар болсо, дагы ошондой эле жаңы ишкана-камсыз кылуучулардын жергиликтүү же/жана аймактык деңгээлде түзүлбөй турганына ынанышы шарт. КГК жергиликтүү камсыз кылуучулар арасында таза атаандаштыкты кубаттаганы менен, товарл жан кызматтардын кошумча камсыз кылуучу ишканалары түзүлүшү суроо-талаптын солгундашына алып келип, кесепети бардык камсыз кылуучу ишканаларга тиймекчи.

Ишкана ээлерин ак-ниеттүүлүккө текшерүү үчүн бардык учурларда Кумтөр Компаниясынын жетектөөчү принциптери, анын ичинде Эл аралык бизнес жүргүзүү саясаты жана Этика нормаларынын Топтому пайдаланылат. Ошондой эле, Кумтөр менен келишим түзүүнү каалаган бардык ишканалар (же уюмдар) Кыргыз мыйзамдарынын нормаларына толук жооп берүүсү милдеттүү.

Жергиликтүү рынокто сатып алуулар Саясатынын негизги аспектилери төмөнкү бөлүмдөрдө:

Стратегиясы

Suppliers
Биз кошкон социал-экономикалык салымын жогорулатууну максат кылабыз  толугураак

Жергиликтүү сатып алуулардын саны

Suppliers
Жергиликтүү рынокту өркүндөтүү боюнча туруктуу аракеттерибизге карабастан толугураак

Ийгиликтүү кызмытташуулар

Suppliers
11 000 товарлардын аталышын болжол менен 600 кыргыз ишканалары камсыздап берип тургандыгы толугураак

Камсыз кылуучуларды издейбиз

Suppliers
жергиликтүү камсыздоочу ишканалардан төмөнкү товарлар боюнча сунуштарды кабыл алууну жарыялайт толугураак

Камсыз кылуучуларга коюлган талаптар

suppliers
Ишкана ээлерин ак-ниеттүүлүккө текшерүү үчүн бардык учурларда Кумтөр Компаниясынын жетектөөчү принциптери толугураак