Өндүрүш

Өндүрүш

«Кумтөр» – дүйнөдөгү эң бийик тоодо жайгашкан алтын кендеринин бири.

Ал Борбор Тянь-Шандын чыгыш бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 4000 метр бийктикте, түбөлүк тоңдуктун аймагында жайгашкан.Кен Ысык-Көл областында, Кыргыз Республикасынын борбору — Бишкектен 350 чакырым аралыкта жайгашкан.
«Кумтөралтын» долбоору анын башталышынан алтындын ири кендери табылган Кумтөр дарыясынын атынан аталып калган. Бул жердеги геологиялык иликтөөлөр 1920-жылдан баштап жүргүзүлгөн. Бирок кен өзү 1978-жылы гана ачылган.

Кенди казуу ачык ыкмада, бургулоо, жардыруу иштери, руданы жүктөө жана ташуу боюнча жалпы кабыл алынган ыкмалаларда жүзөгө ашырылат.

Кен иштетүүдө колдонулуучу оор техникалар: бургулоочу станоктор, экскаваторлор, жүктөгүчтөр, жүк ташуучу унаалар жана башка техникалар кендеги оңдоочу жайдан эле оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Руда тегирменге жана андан ары фабрикага ташылып барып, руданы майдалоо жана «аралашмадагы көмүртек» технологиясы менен алтын ылганып алынат. Руданы кайра иштетүү соңунда андан 80%га чейин баалуу металлы бар Доре алтын куймалары алынат.

Кумтөр кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” Ачык Акционердик Коому тарабынын сатылып алынат. Бул Кумтөр Голд Компани, ААК “Кыргызалтын” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүни ортосунда бекитилген алтын жана күмүштү сатуу боюнча келишимде каралган. Жалгыз гана ААК “Кыргызалтын” Кыргыз Республикасында жана андан тышкаркы өлкөлөрдө аффинаждалган алтын менен күмүштү сатуу укугуна ээ.

Өндүрүш

Фабрика