Бош тек жана муз

Бош тек жана муз

Ачык карьер ыкмасында иштетилген башка кендер сыяктуу эле, “Кумтөр” да алтын кенге коопсуз жетүү үчүн чоң көлөмдөгү бош тек менен түркүн заттарды башка орунга которууга тийиш. Бош тек атайын уруксат боюнча белгиленген жерде топтолуп, үзгүлтүксүз көзөмөлдөнөт.

«Кумтөр» бийик тоолуу алтын өндүрүүчү комплекси активдүү мөңгүлөргө абдан жакын жайгашып, кендүү дененин бир бөлүгү менен аны иштетүүгө байланышкан инфраструктура кыймылдагы мөңгүлөрдүн алдында турат же алардын таасирине тушугат. Музду ордунан жылдыруунун максаты кенге коопсуз жетүүнү камсыздоо жана ачык карьер менен жумушчуларды эриген мөңгү сууларынан коргоо. Кызыкдар тараптардын кабатырлануусуна жана КРде мөңгү муздарын жылдырууга тыюу салган мыйзамдардын пайда болушуна жооп катары, биз аймактык контекстке жана дүйнөлүк тенденцияларга басым менен, тоо-кен иштерин жүргүзгөнүбүз боюнча маалыматты талаптагыдай жарыялайбыз.

Glaciers

Мөңгүлөрдү көзөмөлдөө жана изилдөө

КГК ишмердигинин Ак-Шыйрак массивине берген таасирин аныктоо максатында көз карандысыз эксперттер тарабынан гляциологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Аталган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча КГК ишмердиги аймактагы муз катмарларына аз таасир бергендиги туурасында тыянак чыгарылган.

КГК концессиялык аянтындагы, Арабел жана Үчкөл дарыяларынын айланасындагы мөңгүлөрдү жана гидрометеорологиялык шарттарды мониторингге алуу боюнча көп жылдык (узак мөөнөттүү) чакталган программа жүрүп жатат. Изилдөөлөр КР УИАнын Суу маселелери жана гидроэнергетика институту тарабынан Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин (Орусия) эксперттерин тартуу менен жүргүзүлөт.

КГК концессиялык аянтындагы, Арабел жана Үчкөл дарыяларынын айланасындагы мөңгүлөрдү жана гидрометеорологиялык шарттарды мониторингге алуу боюнча бул долбоор КР Өкмөтү менен макулдашуунун негизинде иштелип чыгып, КР УИА Суу маселелери жана гидроэнергетика институту менен КГКнын ортосундагы тийиштүү келишим аркылуу бекитилген.

Мониторингдин максаты КГК түз техногендик таасир берген аймактагы мөңгүлөрдүн абалын баалоо жана алардын өзгөрүү динамикасын (кыймыл ылдамдыгын, сызыктуу чегинүүсүн, бетинин бузулушун), ошондой эле бетинин жарык чагылдыруу касиеттерин (альбедо) чалгындап туруу, жана алынган маалыматтарды кен жайынан кыйла аралыкта жайгашкан мөңгүлөргө жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжалары менен салыштыруу.

Мөңгүлөрдү жана музду башкаруу иш-чаралары, 1994 жылы долбоордун жүзөгө ашырылып башташы менен «Кумтөрдүн» тоо-кен ишмердүүлүгүнүн бир элементи болуп келет. Өткөн жылдардын негизинде, биз тоо-кен иштерин жүргүзүү ыкмаларыбызды жөнгө салдык. Айрым кызыкдар тараптардын кабатырлануусуна жооп катары мындан ары бош текти мөңгүлөргө төгүүнү токтоттук. Бош текти муздан бөлүп, аларды эки бөлөк жерге топтойбуз. Тоо-кен иштерин жүргүзүүнүн алкагында, алынган муз кайрадан башка муз төгүндүлөрүнө которулат.

«Кумтөр» ишканасы тарабынан жасалган музду орун которуу иш чаралары ошол эле мөңгүлөрдө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый процесстерден улам азайган муздун көлөмүнүн 6% түзүп, жалпы жок болгон муздун арзыбаган бөлүгү. Тоо-кен ишмердүүлүгүнүн таасири узак мөөнөттүү тенденцияларга салыштырылганда дагы да азыраак олуттуу.

1930 жылдан бери Борбор Азиядагы мөңгүлүү аянттын 1/3 бөлүгү жок болгон

Кыргызстан түбөлүк тоң зоналары жана ак мөңгүлүү бийик тоолуу өлкө болуп саналат, алар өлкөнүн негизги мүнөздөмөсүн түзүшөт. Болжол менен өлкөнүн территориясынын 94%ы деңиз деңгээлинен 1 000 м. ашуун бийиктикте турат, 40% – 3 000 м. бийиктикте жана 4%ын дайыма муз жана кар каптап турат. Өткөн жүз жыл аралыгында Борбор Азиянын территориясында климаттын өзгөрүүсүнүн таасири байкалган. ПРООН жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, 1930-ж. бери КРнын мөңгү аянтын кошо алганда, Борбор Азиянын мөңгү аянттарынын 1/3 бөлүгү жоголгон. Кыргыз Республикасынын 2009 жылы БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы үчүн жасаган билдирүүсүндө 1960-жылдарынан 2000-жылга чейин мөңгүлөрдүн көлөмү болжол менен 20%га азайганы маалымдалат. Ушул эле билдирүүдө жазылгандай, климаттын өзгөрүүсүнүн эң ыктымал сценарийлери боюнча 2000-2100 жылдары арасында мөңгүлүү аянттын 64%дан 95%га чейин азаюусу күтүлөт.

map

Ак-Шыйрак тоо тутумунда мөңгүлөрдүн чегинүүсү

Кумтөр алтын кени, болжол менен 1 000 км2 аянтын ээлеген жана ишкананын тоо-кен жайынын жакынында жайгашкан мөнгүлөрдү кошо алганда көптөгөн мөңгүлөрдү камтыган, Ак-Шыйрак тоо тутумунун батыш жагында жайгашат. Петраков жана башкалар тарабынан мөңгүлөрдүн чегинүүсү боюнча өткөргөн жакынкы илимий изилдөөлөр (2013-ж.)* мурункуларына караганда тагыраак баа беришет. Аталган изилдөөлөрдүн алкагында тоо-кен иштеринин мөңгү массасынын жоголуусуна тикелей жана кыйыр таасири да каралган. Мөнгүлүү аянттын өзгөрүүсүн ченеш үчүн окумуштуулар мурунку жана жаңы спутниктен тартылган сүрөттөрдү салыштырышкан. 2003 жана 2013 жылдары арасында, тоо тутумундагы мөңгүлөрдүн аянты 373,2 чарчы километрден 351,2 чарчы километрге азайган. Бул, Борбордук Азияда жүргүзүлгөн байкоолордун маалыматына да туура келет. Аянттын азайышы 21,9 км2 же 5,9 пайызды түзөт.

Ушул эле мөөнөт ичинде тоо-кен жумуштарына байланыштуу муз жоготуулардын көлөмү, жалпы мөңгү массасынын 0,5 пайызын же 1,9 чарчы километр түзгөндүгү аныкталды. Жылдык муз жоготуулар 200 миллион м3 же болжол менен 200 миллион тонна түзгөндүгү эсептелинген. Салыштырсак, тоо кен жумуштарына байланыштуу активдүү муздарды орун которуу 2013-жылы 30 миллион тоннаны же тоо кен жумуштарынын башталышынан бери жылына орточо 4 миллион тоннаны түздү. Кээ бир кызыккан тараптар тоо кен жумуштары учурунда көтөрүлгөн чаң, күндүн жараткан жылуулугун көбүрөөк тартып алганынан улам аймактагы муз жоготуулардын көбөйүшүнө алып барышы мүмкүн деген коркунучтарын билдирет. Эгерде бул чын болсо, муз жоготуу ылдамдыгы кен казуу жайынан алыстаган сайын азаймак. Изилдөө учурунда болсо, «Кумтөр кен казуу жайынан болгон алыстык Ак-Шыйрак тоо тутумундагы мөңгүлөрдүн чегинүү ылдамдыгына таасир этпепегени табылган. Ошондой эле, башка изилдөөлөр дагы тоо-кен жумуштарына байланыштуу чаңдын конушу мөңгүлөрдө табигый чаңдын конушуна салыштырмалуу абдан аз экендигин ырастайт.

* Д. А. Петраков, А. А. Алейников, А. М. Шпунтова, Р. А. Усубалиев, «2013-жылы Ак-Шыйрак тоо тутуму үчүн мөңгүлөрдүн жаңы тизмесин түзүү жана алыстан зонддоо маалыматы негизинде мөңгүлөр ээлеген аянттагы өзгөрүүлөрдү баалоо». 2013-ж. 17-июнунда №С-3555 келишими негизинде даярдалган илимий жана техникалык отчет (Москва).**