Без категории

Без категории

01.06.2016 «Центерра» арбитраждык сотко доо бергендиги жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ билдирүү жɵнɵттү

Торонто, Канада, 2016-ж. 30-майы: «Центерра Голд Инк.» компаниясы (мындан ары: «Центерра» же «Компания») «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгүнɵ байланыштуу белгилүү бир талаштар боюнча арбитраждык сотко доо бергендиги жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ билдирүү жɵнɵткɵндүгүн маалымдайт. Ал талаштар (а) Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы (ЭТКМИ) жана КРдин Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) тарабынан экологиялык доолордун ар бирин; (б) КРдин Башкы прокуратурасынын “Кумтɵр Голд Компани” (КГК) ЖАКы тарабынан “Центерранын” пайдасына 2013-ж. декабрында тɵлɵнгөн 200 млн АКШ доллары суммасындагы корпорация аралык дивидендендди алып салуу талабы менен доосун жана аны менен байланышкан КГКнын Бишкек кеңсесиндеги тинтүүнү, (в) 2016-жылга тоо-кен иштеринин жылдык планына экологиялык экспертизаны берүүнү кечеӊдетүү, ошондой эле «Кумтɵр» кен ишканасынын иши үчүн зарыл ɵндүрүштүк жана жаратылышты коргоо ишмердүүлүгү боюнча бир катар олуттуу уруксат берүүлɵрдү кечиктирүүнү камтыйт. 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык, арбитраждык териштирүү жеке арбитраж тарабынан жүргүзүлүүгɵ тийиш. «Центерра» арбитрдин ысымын сунуштады жана бул маселеде макулдук болбосо арбитрди дайындоо үчүн Гаагадагы (Нидерланддар) Туруктуу арбитраждык сотко кайрылат. Арбитраждык соттун отуруму Стокгольмдо (Швеция), БУУнун Эл аралык эмгек укугу боюнча комиссиянын жоболору боюнча ɵткɵрүлмɵкчү, ал эми колдонулуучу укук катары Нью-Йорк штатынын мыйзамдары колдонулмакчы. Арбитраждык иш-чаралардын башталганына карабастан, Компания Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгүнɵ тиешелүү бардык талаш маселелерди […]