27.04.2018 АЗЫРКЫ КАРЬЕРДИК ТЕХНИКАНЫН ДИСПЕТЧЕРЛӨӨ СИСТЕМАСЫН АЛМАШТЫРУУ

Азыркы карьердик техниканын диспетчерлөө системасын алмаштыруу кызматтарын көрсөтүү боюнча коммерциялык сунуштарды кабыл алуу. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу азыркы тапта Кумтөр кенинде колдонулуп жаткан карьердик техниканы диспетчерлөө системасын алмаштыруу үчүн коммерциялык сунуштарды кабыл алууга кызыкдар экенин жарыялайт. Ошол себептен, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу ишканаларды жана жеке ишкерлерди төмөндөгү кызматтарды көрсөтүү үчүн кызматташтыкка чакырат: Көчмө карьердик техниканын кабельдик байланыштарын куроо (кубат берүү кабельдери менен чогуу). Көчмө карьердик техникасында радио жабдыктарын орнотуу жерине Ethernet кабельдерин тартуу. Көчмө карьердик техникасына радио берүү жана GPS кабельдерин, антенналарын, ресиверлерин, компьютер/дисплейлерди, консолдорду жана башка жабдыктарды алмаштыруу, орнотуу жана кошуу. Карьердик техниканы диспетчерлөө системасынын туура иштеши үчүн радио жабдыктарын кайра конфигурациялоо. Аталган жумуштар ишкананын самосвалдарында, экскаваторлорунда жана жардамчы техникаларында (болжол менен 117 даана) аткарылышы керек. Келишим түзүлгөн учурда, кенде иш аткарууга/сапарга барууга туура келген адистер тиешелүү түрдө медициналык кароодон жана ишканабыздын коопсуздукту камсыздоо системасынын текшерүүсүнөн өтүүлөрү талап. Техникалык  тапшырманы жана коммерциялык сунуштун формасын алуу үчүн талапкерлер өздөрүнүн суроо-талаптарын 2018-жылдын 11-май күнү саат 17:00гө чейин kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дарегине жиберүүлөрү абзел. Билдирүүлөргө коюлган минималдуу талаптар: Талапкер тууралуу маалымат: мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн, ишкананын уставынын, салык төлөөчүнүн күбөлүгүнүн жана салык төлөөчүнүн каттоо баракчасынын көчүрмөлөрү. Коммерциялык сунуш; Буга чейин ушундай сыяктуу кызматтар ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө каттар. Коммерциялык сунуштар бекитилген жана «Азыркы карьердик […]

21.02.2018 «Кумтөр» компаниясынын оор техникасын техникалык жактан тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» сменинин кызматкерлери, Ысык-Көл областынын эки балдар үйүнө жардам көрсөттү

2017-жылдын ноябрында «Кумтөр» компаниясы өткөргөн «Коопсуздук Техникасы боюнча айлык» сынагынын жыйынтыгы боюнча, оор техниканы тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» нөөмөтүнүн шина монтировщиктери жалпы суммасы 50 миң сомдук эки сертификат алышты. Шинамонтаждык участок кызматкерлеринин чечими менен, уткан сумманы толугу менен кайрымдуулукка жумшоо чечилди. «Кумтөрдүн» өнөктөшү – «Хелпер» компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте кошумча 10 миң сом жыйналды. Жыйынтыгында жалпы суммасы 60 миң сомго Ысык-Көл областындагы Кызыл-Суу айылындагы «Келечек» жана Ак-Булак айылындагы «Мээрим булагы» балдар үйлөрүнө ар түрдүү тиричилик техникасы түрүндө жардам көрсөтүү чечилген. 2018-жылдын 11-февралында «Кумтөрдүн Элчилери» «Келечек» балдар үйүнө барышып, ал жерге кир жуучу машина, электр меш, чаң соргуч, үтүк, чайнек, шейшептерди жана таттууларды жеткирип беришти. 2018-жылдын 12-февралында «Кумтөрдүн Элчилери» «Мээрим булагы» балдар үйүнө барышып, ал жерге газ меш, чаң соргуч, үтүк, чайнек, шейшептерди жана таттууларды жеткирип беришти.