АДАМДАРЫБЫЗ — АЛТЫНДАН ДА КЫМБАТ БАЙЛЫГЫБЫЗ!

АДАМДАРЫБЫЗ — АЛТЫНДАН ДА КЫМБАТ БАЙЛЫГЫБЫЗ!

Жарыяланган: 06 October 2026

Кумтөрдүн ийгилигинин артында кесипкөй, ынтымактуу жамаат турат. Ар бир кызматкер чоң үй-бүлөнүн мүчөсү сыяктуу бири бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келишет.

Улуу муундун өкүлдөрү топтогон тажрыйбасын жаш адистер менен бөлүшүп, аларга насаатчы болуп, кесиптик жолун табууга көмөк көрсөтүшсө, жаш адистер да улуулардын айткандарын заманбап технологиялар менен айкалыштырып, мыкты ийгиликтерди жаратышууда.

Муундардын ортосундагы мындай байланыш Кумтөрдүн эң чоң артыкчылыктарынын бири жана бул салтты сактоо үчүн компания жетекчилиги ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Анткени Кумтөрдүн эң башкы байлыгы – бул анын адамдары. Так ушул жамааттык ынтымак, өз ара колдоо жана бир максатка умтулуу компаниянын туруктуу өнүгүүсүнүн негизин түзөт.