Жарыяланган: 12 October 2026
«Кумтөр Голд Компани» өлкөдөгү алдыңкы ишканалардын бири.
Компанияда кызматкерлерди тандоого өзгөчө көңүл бурулат. Себеби бийик тоолуу шартта вахталык ыкма менен иштөө оңой эмес. Кумтөрдө иштөө үчүн терең билим, күчтүү даярдык, зор тажрыйбадан тышкары, койгон максатына жете билген – өжөрлүк керек.
Каарманыбыз Чыңгыз Какиев максатына жетүү үчүн 8 жыл талыкпай эмгектенип, тынымсыз аракет кылган. Бүгүнкү күндө ал биздин ынтымактуу жамааттын толук кандуу мүчөсү.
Андыктан эч качан багынбаңыз! Анткени максатына умтулган адам гана сөзсүз өз жолун табат.