«Кумтөр» компаниясынын оор техникасын техникалык жактан тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» сменинин кызматкерлери, Ысык-Көл областынын эки балдар үйүнө жардам көрсөттү

Жарыяланган: 21 February 2018

2017-жылдын ноябрында «Кумтөр» компаниясы өткөргөн «Коопсуздук Техникасы боюнча айлык» сынагынын жыйынтыгы боюнча, оор техниканы тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» нөөмөтүнүн шина монтировщиктери жалпы суммасы 50 миң сомдук эки сертификат алышты. Шинамонтаждык участок кызматкерлеринин чечими менен, уткан сумманы толугу менен кайрымдуулукка жумшоо чечилди. «Кумтөрдүн» өнөктөшү – «Хелпер» компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте кошумча 10 миң сом жыйналды.

Жыйынтыгында жалпы суммасы 60 миң сомго Ысык-Көл областындагы Кызыл-Суу айылындагы «Келечек» жана Ак-Булак айылындагы «Мээрим булагы» балдар үйлөрүнө ар түрдүү тиричилик техникасы түрүндө жардам көрсөтүү чечилген.

2018-жылдын 11-февралында «Кумтөрдүн Элчилери» «Келечек» балдар үйүнө барышып, ал жерге кир жуучу машина, электр меш, чаң соргуч, үтүк, чайнек, шейшептерди жана таттууларды жеткирип беришти.

2018-жылдын 12-февралында «Кумтөрдүн Элчилери» «Мээрим булагы» балдар үйүнө барышып, ал жерге газ меш, чаң соргуч, үтүк, чайнек, шейшептерди жана таттууларды жеткирип беришти.

Предыдущая публикация«Кумтөр Голд Компани» муктаж коомчулуктарга гуманитардык жардам берди Следующая публикация«Кумтөр» кендин кызматкерлери Токмок шаарындагы жалгыз бой карыялардын пансионунда кайрымдуулук акциясын өткөрүштү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.