2013-жылдын II кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

2013-жылдын II кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 23 August 2013

Operating Results of the second Quarter of 2013Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр» компаниясы 2013-жылдын экинчи кварталындагы иштин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын жарым жылында “Кумтөрдө” 161 983 унция* же 5 038 кг алтын өндүрүлгөн. Компания 2,8 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү

2013-жылдын экинчи кварталында “Кумтөр” кен ишканасында 2 250,8 килограмм (72 365 унция) алтын өндүрүлгөн, ошол эле учурда 2012-жылдын ушундай мезгилинде баалуу металл өндүрүү 1 284,8 килограммды (41 307 унция) түзгөн. Көлөмдүн көбөйүшү курамында алтыны жогору болгон руданы кайра иштетүүдөн улам мүмкүн болгон. Мисалы, 2013-жылдын экинчи кварталында фабрикага алтындын орточо курамы 2,17 г/т болгон руда берилген, а бөлүп алуу пайызы 69%ды түзгөн. Отчеттук мезгилде руданы кайра иштетүүнүн көлөмү 1,4 млн. тоннаны түзгөн, бул болжол менен 2012-жылдын ошол эле мезгилиндеги көрсөткүчкө дал келет.

Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 2013-жылдын экинчи кварталында 70 318 унцияны, же 2,2 тоннадай алтынды түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн жалпы түшкөн каражат 96,5 млн. долларды** түздү.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

2013-жылдын экинчи кварталында өндүрүлгөн продукциянын унциясына операциялык акчалай чыгымдар3 608 долларды түздү. Бирок, бул көрсөткүч ачуу иштерин жүргүзүүгө жана жогорулатылган туруксуздук зонасын жеңилдетүү боюнча иштердин наркын эсепке албайт. Ошол эле учурда дүң кирешеге салыкты эске алуу менен өндүрүлгөн продукциянын бирдигине жалпы акчалай чыгымдар3 2013-жылдын экинчи кварталында 1913 долларды түзгөн.
2013-жылдын экинчи кварталында капиталдык чыгымдар 101,5 млн. АКШ долларын түздү, анын ичинен:
– 15,1 млн. доллар – негизги фондуларды модернизациялоого3;
– 9,3 млн. доллар – өзүнө тоо-кен техникасы паркын кеңейтүүнү камтыган өндүрүштү өнүктүрүүгө;
– 77,2 млн. доллар – кыртышты ачуу иштерине багытталган.

Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдар 2,0 млн. долларды түздү.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр”  кен ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана «Центерра» компаниясынын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

«Кумтөр» долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

  II квартал, на 30июнга карата I жарым жылдык, 30июнга карата
2013 2012* Өзгөрүүлөр % менен 2013

2012* Өзгөрүүлөр % менен
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 70 318 40 228 75% 161 935 102 425 58%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 2 187 1 251 75% 5 036,7 3 185,8 58%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы (унциясына АКШ доллары менен) 1 372 1 592 (14%) 1 514 1 677 (10%)
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат* (млн. АКШ доллары менен) 96,5 64,0 51% 245,2 171,8 43%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (млн. АКШ доллары менен) 65,7 66,1 (1%) 132,0 128,9 2%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (унциясына АКШ доллары менен) 935 1 644 (43%) 815 1 259 (35%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 47 901 42 736 12% 88 085 73 482 20%
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 799 16 4894% 1 008 79 1176%
Казылып алынган рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 1,91 1,18 62% 2,02 1,30 55%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 351 1 376 (2%) 2 824 2 627 7%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,17 1,33 63% 2,44 1,64 49%
Алтынды бөлүп алуу пайызы (% менен) 69,3 71,2 (3%) 72,0 72,0 0%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 72 365 41 307 75% 161 983 102 014 59%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 2 250,8 1 284,8 75% 5 038,4 3 172,9 59%
Операциялык акчалай чыгымдар (млн. АКШ доллары менен) 608 808 (25%) 522 709 (26%)
Жалпы акчалай жумшоолор* (салыктарды кемиткенге чейин) (млн. АКШ доллары менен)* 1 727 3 180 (46%) 1 524 3 032 (50%)
Жалпы акчалай жумшоолор (салыктарды эске алуу менен) ( млн. АКШ доллары менен) 1 913 3 397 (44%) 1 735 3 268 (47%)
Капиталдык жумшоолор (млн. АКШ доллары менен) 101,5 112,8 (10%) 203,7 268,5 (24%)
Геологиялык чалгындоого жумшоолор (млн. АКШ доллары менен) 2,0 2,9 (31%) 4,4 5,1 (14%)

* Жалпы акчалай жумшоолор (салыктарды кемиткенге чейин) өзүнө төмөнкү чыгымдарды камтыйт: операциялык акчалай чыгымдар (руданы казып алуу, кайра иштетүү, өндүрүшкө салыктар (дүң кирешеге салыкты кошпогондо) жана административдик жумшоолор), капиталды колдоп туруу жана өстүрүү (анын ичинде капиталдаштырылган кыртышты ачуу иштерине жумшоолор).
Операциялык накталай чыгымдар, жалпы накталай чыгымдар (салыктарды эсепке алып да, ошондой эле эсепке албай да), алтынды сатып өткөрүүнү орточо баасы, ошондой эле сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына өздүк наркы бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбейт жана SEDAR системасында жайгаштырылган «Жетекчилик тарабынан талкуулоо жана анализ” главасында “Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбеге көрсөткүчтөр” бөлүгүндө каралат.
Компания отчеттуулукка жаңы көрсөткүчтү – «Жалпы акчалай жумшоолорду» кошуу чечимин кабыл алды, себеби бул метод иш жүзүндөгү өндүрүштүк жумшоолор жөнүндө толугураак түшүнүктү берет деп эсептейт.
2012-жылы жүргүзүлгөн операциялык накталай жумшоолор жана капиталдык жумшоолор Эл аралык финансылык отчеттуулукту түшүндүрүү боюнча комитеттин (ЭФОТК, IFRIC 20) 2013-ж. 1-январындагы түшүндүрүүлөрүн эске алуу менен кайра эсептелген.

Дивиденддерди төлөп берүү

“Центерранын” Директорлор кеңеши бир кадимки акцияга 0,04 канадалык доллар өлчөмүндө дивиденддерди эсептөөгө буйрук берди. Жогоруда көрсөтүлгөн дивиденддер 2013-ж. 29-августунда Торонтодогу биржада 2013-ж. 15-августуна карата катталган бардык акционерлерге төлөнүп берилмекчи.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2,8 миллиард сомду  түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2013-жылдын 6 айындагы салык жана милдеттүү которуулар

2013-ж. 30-июнуна карата Миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 39 154,31
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 3 880,99
Экологиялык төлөм 310,00
Киреше салыгы 2 287,58
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 11 637,06
Бажы төлөмдөрү 299,39
Резидент эместердин кирешелерине салык 521,21
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 39,88
Жалпысынан 58 130,42
30. 06. 2013-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 48.63
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 2 826 748,62

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катарында көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

Комментарий

«Биз бош тектин төгүндүлөрүнүн кыймылынын ылдамдыгын турукташтырууга жана төмөндөтүүгө жетише алгандыгыбызга кубанычтабыз. Кен ишканасында инфраструктуранын объектилерин орун которуштуруу боюнча иш улантылууда, а биздин 2013-жылга тектин төгүндүлөрүн турукташтыруу боюнча иш чаралар планыбызга бир катар түзөтүүлөр киргизилди. Борбордук карьердин жогорулатылган туруксуздук зонасында муз массаларынын жана тектин кыймылынын ылдамдыгы эсептелген чектерде тургандыгы да кубандырат. Азыркы учурда бул участокто пландуу кыртыш ачуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул алтындын курамы жогору болгон рудага чыгууну камсыз кылат, аны казып алуу 2013-жылдын үчүнчү кварталынын аягына белгиленген.
Азыркы учурда ишкана кадимки режимде иштеп жатат жана биз алтын өндүрүү боюнча быйылкы жылы компаниянын алдына коюлган милдеттер аткарылат деп үмүттөнөбүз», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер 2013-жылдын 2-кварталынын жыйынтыктарын чыгарып жатып.

2013-жылга прогноз

2013-жылы өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 55%га жакыны төртүнчү кварталга туура келмекчи. Акыркы кварталдагы өндүрүштүн өсүшү анын ресурстары көп жылдардан бери өндүрүштүк жүгүртүүдө турган SB зонасындагы бай руданы казып алуунун эсебинен камсыз кылынмакчы. Бул зонада казып алуу үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын аягында мүмкүн болуп калмакчы жана пландаштырылган 550 – 600 миң унция алтынды өндүрүүгө мүмкүндүн бермекчи.

Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртышты ачуу иштерин кошпогондо, 2013-жылы 97 млн. долларды түзмөкчү. Анын ичинен:
– 67 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого3 (тоо-кен техникасынын ремонту жана сатып алуу, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын деңгээлин жогорулатуу ж.б.);
– 30 млн. доллар – кен ишканасынын бир катар объектилерин орун которуштурууну кошо алганда, кен ишканасын өнүктүрүүгө инвестицияларга3 жумшалмакчы.

Карьерди иштетүү менен байланышкан ачуу иштерин капиталдаштыруу 2013-жылы 196 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

* * *

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан  2013-жылдын 30-июнуна чейин “Кумтөрдө” 8,86 млн. унциядай же 275,6 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр”  компаниясы “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин  – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2013-жылдын 16-августуна карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 465,4 млн. доллардан ашып кетти.

Азыркы учурда “Центерра” Кыргыз Республикасында жана Монголияда эки аракеттеги алтын кен ишканасына ээлик кылат. Мындан тышкары, Компания Түркияда “Оксут” долбооруна ээ жана Монголияда, Түркияда, Кытайда жана Россия Федерациясында перспективалуу объектилерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышка ээ.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com  сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2013-жылдын II кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.”Кумтөр” компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.

Маалымат үчүн

* – троялык унция = 31,10348 грамм
** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.
*** – Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбеген көрсөткүчтөрдү
SEDAR системасында жайгаштырылган «Жетекчилик тарабынан талкуулоо жана анализ” главасында “Башкаруучулардын көз карашы жана баалоосунан” караңыз.