Балыкчыда «Кумтөр Голд Компани» колдоосу менен эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү

Балыкчыда «Кумтөр Голд Компани» колдоосу менен эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү

Жарыяланган: 03 April 2018

31-март жана 1-апрелде Балыкчы шаарында 9 жаштан 15 жашка чейин курактагы балдар жана өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча 6-эл аралык турнир өттү. Турнирди «Ысык-Көлдүн келечеги» жана Балыкчы шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби уюштуруду. «Кумтөр» компаниясы бул турнирдин демөөрчүсү болуп, мактоо баракчалар, дипломдор жана спорт багелерге 110 000 сом бөлүп берди.

Мелдешке КРдин баардык обустары жана Тажикистан менен Казакстандан келген 567 спортчу катышты.
Ошондой эле, мелдешке төрт КРдин эмгек сиңирген машыктыруучулары, булар – Ниязов Саадан, Апылов Мелис, Акиев Мирбек, Ибраев Болот катышышты.

«Аймактагы спортту өнүктүрүү биз үчүн абдан маанилүү жана Кумтөр компаниясын биздин ар жылдык турнирдин туруктуу өнөктөшү катары көрүүгө кубанычтабыз. Жакшы салтка айланган жемиштүү кызматташтыкка кубанычтабыз» – деп белгиледи, «Ысык-Көлдүн келечеги» коомдук фондусунун жетекчиси Мирбек Мамбетов.
Спортчулар эл аралык күрөш федерациясынын эрежелерине ылайык байгелүү орундар үчүн күрөшүштү.

Бардыгы 15 салмактык категория болуп, ар бир салмактык категорияда сыйлыктуу орун үчүн спортчулар медалдарды, мактоо баракчаларды, спорттук костюмдарды, күрмөлөрдү жана чыптамаларды алышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Балыкчылык спортчулар жеңди, экинчи орунда Бишкек шаарынын балбандары жана үчүнчү орунду Ысык-Ата айылынын спортчулары, ал эми төртүнчү орунду Ош шаарынын спортчулары ээледи.