Тоң районунда жаштар форуму болуп өттү

Тоң районунда жаштар форуму болуп өттү

Жарыяланган: 18 July 2013

В Тонском районе прошел молодежный форумТоң районунун жаштарынын 200гө жакын өкүлү «Жаштардын достугу» форумуна катышышты, ал өткөн шейшембиде «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен райондук администрацияда болуп өттү.

Райондун 9 айыл аймагынын активисттери көйгөй проблемаларды талкуулашты жана аларды чечүү үчүн өздөрүнүн аракеттерин бириктирүүнү чечишти. Жакынкы мезгилде ар бир айылдын өкүлдөрү өз лидерлерин шайлашмакчы, алар жаштардын Тоңду өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин координациялашмакчы.

Форумга областтын эң жаш акими – Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев катышты. Эл аралык уюмдар жана ӨЭУлар чогулгандарга региондо аларга жаш адамдар катыша, аны менен өз айылдарын өнүктүрүүгө салымдарын кошо алыша турган жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымдашты. Форумдун катышуучуларын анда алар социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыра алыша турган иштеп жаткан «Жаштар банктары» сыяктуу долбоорлордун алкактарында районду өнүктүрүү үчүн мүкүнчүлүктөр, ошондой эле «Карагат+» долбоорунун иши жана башка пландаштырылган иш чаралар менен да тааныштырышты.