Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Инфраструктураны башкаруу жана маалыматтарды иштетүү борборунун башчысы, Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0350
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын МT стратегиясын иштеп чыгууга, макулдашууга катышуу;
- Компаниянын максаттуу МT архитектурасын долбоорлоого катышуу (технологиялар/МT инфраструктурасы/Маалыматтарды иштетүү борборур/жеке булут (private cloud)/МT стандарттары) жана аны Компаниянын бизнес ишмердигин өнүктүрүү стратегиясына жана МT-стратегиясына ылайык жаңыртып туруу;
- Максаттуу МT архитектурасындагы өзгөрүүлөрдү координациялоо жана аны актуалдаштыруу;
- Сервердик, тармактык жабдуулардын, системалык программалык камсыздоонун, жеке булутттун (private cloud)/маалыматтар борборунун жана инфраструктуралык кызматтардын МT стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына шайкеш келүүсүн талдоо;
- Компаниянын сервердик, тармактык жабдууларынын, системалык программалык камсыздоонун, жеке булуттун (private cloud) жана инфраструктуралык кызматтарынын конфигурацияларын жана активдерин башкаруу процесстеринин жетилгендигин өз алдынча баалоо;
- Компаниянын МT-архитектурасынын конфигурациясынын жана активдеринин, анын ичинде Компаниянын маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун жайгаштыруу схемалары жана инженердик схемалары боюнча документтериндеги өзгөрүүлөрдү контролдоо;
- Тышкы жана ички МT аудит боюнча сунуштарды ишке ашыруу;
- Маалымат технологиялар дирекциясынын Директорунун тапшырмасын боюнча Компаниянын сервердик, тармактык жабдууларын, системалык программалык камсыздоосун, жеке булутту (private cloud), маалымат иштеп чыгуу борборун салыштырма анализи жана тандоо пилотторуна катышуу;
- МТ долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулар, кардарлар менен өз багыты менен иштешүү;
- Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Маалымат технологиялар/ телекоммуникация жана байланыш тармактар жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
– маалымат системалары/коммуникация чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес (маалымат иштеп чыгуу борборлорунда иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);
– маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
– сервердик, тармактык жабдууларды, системалык программалык камсыздоону, жеке булуттук (private cloud) жана инфраструктуралык кызматтарды тейлөө жана техникалык колдоо боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
– МТ долбоорлорун/тапшырмаларын топтун жетекчиси катары башкаруу/МТ долбоорлорунун башчысы/ Чечимдер архитектору / Башкы иштеп чыгуучу катары 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
– булуттук технологиялар (PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
– ITSM системалар (өзгөчө өзгөрүүлөрдү башкаруу, конфигурацияны башкаруу жана CMDB) менен иштөө тажрыйбасы;
– 3 кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагында артыкчылыктуу, металлургия);
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
– маалыматтык технологиялар, долбоорлорду башкаруу жана МT архитектурасында (COBIT, ITIL, AGILE, PMBOK, TOGAF) алдыңкы тажрыйбаларды колдонууда;
– сервердик жабдуулар (HP, Dell, Huawei жана башка белгилүү вендорлор);
– маалымат борборлорундагы системалык программалык камсыздоо жана жабдуулар (APC by Schneider Electric ж.б.);
– виртуалдаштыруу системалары жана жеке булуттар (VMWare VSphere жана VCloud, Openshift, Hyper – V);
– Radhat Linux жана Linux системаларында колдонулган программалык камсыздоо (Nginx, Redis, Kafka, ActiveMQ ж.б.);
– мониторинг системалары (MS SCOM, Zabbix, NMS ж.б.);
– мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
– байланыш системаларынын, телефония, радиобайланыш, маалымат система тармактарынын архитектуралык аудитин уюштуруу көндүмдөрү;
– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;
- Тилдерди билүү:
– орус тилин – эркин билүү;
– кыргыз тилин – кубатталат;
– англис тилин орточодон жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.
ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:
- Кызмат орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
Анкета жана резюмени 2022-жыл 05-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0350.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.