ИНФРАСТРУКТУРАНЫ БАШКАРУУ ЖАНА МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕТҮҮ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ

ИНФРАСТРУКТУРАНЫ БАШКАРУУ ЖАНА МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕТҮҮ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ

Жарыяланган: 22 December 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Инфраструктураны башкаруу жана маалыматтарды иштетүү борборунун башчысы, Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0350

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Компаниянын МT стратегиясын иштеп чыгууга, макулдашууга катышуу;
  • Компаниянын максаттуу МT архитектурасын долбоорлоого катышуу (технологиялар/МT инфраструктурасы/Маалыматтарды иштетүү борборур/жеке булут (private cloud)/МT стандарттары) жана аны Компаниянын бизнес ишмердигин өнүктүрүү стратегиясына жана МT-стратегиясына ылайык жаңыртып туруу;
  • Максаттуу МT архитектурасындагы өзгөрүүлөрдү координациялоо жана аны актуалдаштыруу;
  • Сервердик, тармактык жабдуулардын, системалык программалык камсыздоонун, жеке булутттун (private cloud)/маалыматтар борборунун жана инфраструктуралык кызматтардын МT стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына шайкеш келүүсүн талдоо;
  • Компаниянын сервердик, тармактык жабдууларынын, системалык программалык камсыздоонун, жеке булуттун (private cloud) жана инфраструктуралык кызматтарынын конфигурацияларын жана активдерин башкаруу процесстеринин жетилгендигин өз алдынча баалоо;
  • Компаниянын МT-архитектурасынын конфигурациясынын жана активдеринин, анын ичинде Компаниянын маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун жайгаштыруу схемалары жана инженердик схемалары боюнча документтериндеги өзгөрүүлөрдү контролдоо;
  • Тышкы жана ички МT аудит боюнча сунуштарды ишке ашыруу;
  • Маалымат технологиялар дирекциясынын Директорунун тапшырмасын боюнча Компаниянын сервердик, тармактык жабдууларын, системалык программалык камсыздоосун, жеке булутту (private cloud), маалымат иштеп чыгуу борборун салыштырма анализи жана тандоо пилотторуна катышуу;
  • МТ долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулар, кардарлар менен өз багыты менен иштешүү;
  • Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар/ телекоммуникация жана байланыш тармактар жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары/коммуникация чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес (маалымат иштеп чыгуу борборлорунда иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес тажрыйба;

– сервердик, тармактык жабдууларды, системалык программалык камсыздоону, жеке булуттук (private cloud) жана инфраструктуралык кызматтарды тейлөө жана техникалык колдоо боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;

– МТ долбоорлорун/тапшырмаларын топтун жетекчиси катары башкаруу/МТ долбоорлорунун башчысы/ Чечимдер архитектору / Башкы иштеп чыгуучу катары 3 жылдан кем эмес тажрыйба;

– булуттук технологиялар (PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

– ITSM системалар (өзгөчө өзгөрүүлөрдү башкаруу, конфигурацияны башкаруу жана CMDB) менен иштөө тажрыйбасы;

– 3 кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагында артыкчылыктуу, металлургия);

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– маалыматтык технологиялар, долбоорлорду башкаруу жана МT архитектурасында (COBIT, ITIL, AGILE, PMBOK, TOGAF) алдыңкы тажрыйбаларды колдонууда;

– сервердик жабдуулар (HP, Dell, Huawei жана башка белгилүү вендорлор);

– маалымат борборлорундагы системалык программалык камсыздоо жана жабдуулар (APC by Schneider Electric ж.б.);

– виртуалдаштыруу системалары жана жеке булуттар (VMWare VSphere жана VCloud, Openshift, Hyper – V);

– Radhat Linux жана Linux системаларында колдонулган программалык камсыздоо (Nginx, Redis, Kafka, ActiveMQ ж.б.);

– мониторинг системалары (MS SCOM, Zabbix, NMS ж.б.);

– мыкты баарлашуу көндүмдөрү;

– байланыш системаларынын, телефония, радиобайланыш, маалымат система тармактарынын архитектуралык аудитин уюштуруу көндүмдөрү;

– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы  принциптерин билүү;

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин – кубатталат;

– англис тилин орточодон жогору  (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:

  • Кызмат орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;

Анкета жана резюмени 2022-жыл 05-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0350.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.