«Кумтөр» компаниясынын Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары жана диспетчерлери Балыкчы аймактык шаардык ооруканасына жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 21 July 2020

«Кумтөр Голд Компанинин» Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары жана диспетчер коронавирустук инфекция (COVID-19) менен катуу ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүү үчүн каражат топтоону уюштурушту. Кайрымдуулук акциясына жалпысынан 64 адам катышып, 350 000 сом топтолду.

Топтолгон каражаттарга дарылар, антисептиктер, жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) сатылып алынып, Балыкчы аймактык шаардык ооруканасына берилди. Ошондой эле эки кычкылтек концентраторуна буйрутма берилип, алар жакынкы убакта регионго алынып келинет жана жогоруда аталган дарылоо мекемесине өткөрүлүп берилет.

Предыдущая публикацияЖети-Өгүз районунун Оргочор айылында балдардын оюн аянты курулду Следующая публикация«Кумтор Голд Компани» ЖАК Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелерине 90 кислороддук концентратор берет
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.