Жарыяланган: 23 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-апрели, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24/1 дарегинде жайгашкан «Кумтөр Голд Компани» ЖАК, конкурстук документациянын талаптарына жооп берген бардык потенциалдуу катышуучуларды Компаниянын кызматкерлери үчүн жумшак көндүмдөрдү (soft skills) өнүктүрүү боюнча күндүзгү окутуу тренингин өткөрүү кызматын көрсөтүүгө тандоого катышууга жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык «Компаниянын кызматкерлери үчүн жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча окутуу тренинги» кызматын аткарууга конкурстук арызын (сунушун) тапшырууга чакырат.
Сатып алуу чектөөсүз катышуу методу менен, эки топтомдуу бир баскычтуу ыкма аркылуу жүзөгө ашырылат. Сатып алуунун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү(лөр) менен алкактык макулдашуу түзүлөт.
Окутуунун негизги параметрлери:
Тренингдин негизги темалары:
Окутуу тили: орус тили (зарыл болгон учурда кыргыз тилин колдонууга жол берилет).
Окутуунун жыйынтыгы боюнча Аткаруучу отчеттук документацияны, окуу материалдарын жана катышуучулардын сертификаттарын берүүгө милдеттүү.
Кызмат көрсөтүүгө, окутуу программасына жана Аткаруучунун квалификациясына карата толук талаптар конкурстук документациянын Техникалык тапшырмасында (№8 Тиркеме) көрсөтүлгөн.
Конкурстун катышуучулары өз билдирмелерин электрондук түрдө, тийиштүү формаларды толтуруп жана талап кылынган документтерди тиркеп, 2026-жылдын 28-апрели, саат 14:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) кечиктирбестен бериши керек (конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү).
Конкурстук билдирме, билдирмени кепилдеген декларация түрүндөгү конкурстук билдирменин кепилдик камсыздоосу менен бирге берилүүгө тийиш. Конкурстук сунуш 60 календардык күн ичинде күчүндө болушу керек.
Кошумча маалымат алуу же конкурстук документация боюнча түшүндүрмө алуу үчүн суроо-талапты 2026-жылдын 24-апрели, саат 12:00дөн кечиктирбестен (конкурстук арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумуш күнү калганда) Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg почтасына жөнөтүү зарыл. Сатып алуучу уюм анын көзөмөлүнөн тышкары жагдайлардан улам келип чыккан ар кандай кечигүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.
| Тапшыруу форматы: | Конкурстук арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам кол коюшу керек. Кол койгон адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же тийиштүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталууга тийиш. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилиши керек.
Конкурстук сунушту даярдоодон мурун катышуучу Конкурстук арызды даярдоо боюнча нускама (жеткирүүчүлөр үчүн) менен таанышуусу зарыл (1-тиркеме). Конкурс эки баскыч менен өткөрүлөт жана ар бир баскыч үчүн эки өзүнчө кат жолдоо керек. Квалификациялык документтер жана финансылык сунуш бир убакта, бирок башка-башка каттар менен берилиши керек: • Биринчи кат (биринчи баскыч үчүн): квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктоочу документтер менен берилет. Каттын темасына «Квалификациялык документтер» деп жазуу керек; • Экинчи кат (экинчи баскыч үчүн): финансылык сунуш менен бирге берилет. Финансылык сунушту милдеттүү түрдө сырсөз (пароль) менен коргоого көңүл буруңуздар. Каттын темасына «Финансылык сунуш» деп жазуу керек. |
| 1-баскыч: Квалификациялык жана техникалык бөлүк | |
| Квалификациялык жана техникалык сунуштарды берүү тартиби:
|
Конкурстун катышуучулары катышуу тууралуу сунушту конкурстун талаптарына ылайык кыргыз жана/же орус тилдеринде даярдап, документтердин зарыл көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө softskills@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 28-апрели, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүшү керек. Техникалык тапшырма тиркелет (8-тиркеме). |
| Катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтууга тийиш: | Конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат, билдирме формасы тиркелет (2-тиркеме); |
| Юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү; | |
| Негизги ишмердүүлүгүн аныктоочу документтин (Устав) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; | |
| Акыркы отчеттук күнгө карата мамлекеттик органдардын алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн); | |
| Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн: 2024–2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:
Бухгалтердик баланс; • Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет; • Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет; • Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; • Же 2024-жыл үчүн Бирдиктүү салык декларациясы. • Резидент эместер үчүн: 2023–2025-жылдар аралыгындагы финансылык туруктуулукту тастыктаган документ; |
|
| Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация, билдирме формасы тиркелет (3-тиркеме); | |
| Конкурстук сунушту кепилдеген декларация, формасы тиркелет (4-тиркеме); | |
| Кызматкерлер жөнүндө маалымат жана алардын иш тажрыйбасынын сүрөттөлүшү. Формасы тиркелет (5-тиркеме). | |
| Конкурска окутуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жана жетекчилерди корпоративдик окутуу боюнча тастыкталган тажрыйбасы бар юридикалык жактар жана жеке ишкерлер катыша алат. | |
| 1.Квалификация:
Катышуучунун квалификациясы төмөнкү документтер менен тастыкталат: • Аткарылган окшош долбоорлордун тизмеси (буйрутмачы, аткарылган жылы жана кыскача сүрөттөлүшү менен); • Келишимдердин жана/же аткарылган иштердин актыларынын көчүрмөлөрү же буйрутмачылардын сын-пикир каттары; • Негизги тренерлердин/коучтардын резюмеси; • Тренерлердин сертификаттарынын көчүрмөлөрү (бар болсо); • Адистерди тартуу жөнүндө каттар (штаттан тышкаркы тренерлер тартылган учурда); • Окутуу программасынын үлгүсү жана/же отчеттук документтер (жеке маалыматтарсыз). |
|
| 2. Материалдык-техникалык база: Катышуучу окутуунун усулдук, окуу жана презентациялык камсыздоосун сүрөттөө аркылуу базасын тастыктайт. Окуу жайларына менчик укугу же ижара келишими талап кылынбайт. | |
| 3. Тренерлер: Аткаруучу квалификациялуу тренерлерди камсыз кылууга милдеттүү. Тренерлер профилдик жогорку билимге, чоң компанияларда же өндүрүш чөйрөсүндө иштөө тажрыйбасына жана чоңдорду окутуунун заманбап усулдарын (андрогогика) билүүгө тийиш.
Долбоордук куратор: Катышуучунун квалификациясын баалоодо окутуу процессин башкарууну жана Буйрутмачы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган атайын бөлүнгөн куратордун болушу эске алынат. |
|
| Окутуу курстарынын программасы төмөнкүлөргө багытталышы керек:
|
• башкаруучулук жана коммуникативдик көндүмдөрдү практикалык өнүктүрүүгө;
• практикалык кейстерди, көнүгүүлөрдү жана топтук тапшырмаларды камтууга; • кызматкерлердин/жетекчилердин типтүү жумушчу кырдаалдарын жана милдеттерин эске алууга. |
| Биринчи баскычты баалоонун критерийлери:
|
Бардык квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана суралган документтердин толук пакетин тапшырган сунуш конкурстун биринчи этабынан өттү деп таанылат.
Тандоонун катышуучулары техникалык тапшырмага ылайык, квалификациялык жана техникалык маалыматтарды тастыктоо үчүн талап кылынган бардык документтерди берүүгө милдеттүү. |
| Финансылык сунушту берүү тартиби: | 2-баскыч: Финансылык бөлүк |
| Финансылык/коммерциялык сунуш өзүнчө кат менен, сырсөз (пароль) коюлган архивде берилиши керек (7-тиркеме). Сырсөз бул конкурс боюнча жооптуу адамдын суроо-талабы боюнча берилет.
Архивдин сырсөзү кеминде 6 белгиден турушу керек. Сунуш фирмалык бланкта «Кумтр Голд Компани» ЖАКтын дарегине жөнөтүлүп, анда баасы, ишти аткаруу мөөнөттөрү жана төлөө шарттары милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл. Сырсөздөр квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардан гана суралат. |
|
| Катышууга сунушту, темасын көрсөтүү менен, softskills@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 28-апрелинде Бишкек убактысы боюнча саат 14-00гө чейин жөнөтүү зарыл.Биринчи кат (биринчи баскыч үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү ырастоочу документтер менен кошо тапшырылат.Каттын темасында «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүү керек.Экинчи кат (экинчи баскыч үчүн) финансылык сунуш менен тапшырылат. Каттын темасында «Финансылык сунуш» деп көрсөтүү керек. |
|
| Буйрутмачы кайсы бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта конкурстук процессти жокко чыгарууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучуларга карата эч кандай милдеттенмелерди тартпайт. | |
| Катышууга сунуш расмий бланкта көрсөтүлүшү керек. | |
| Белгиленген мөөнөттөрдөн кеч тапшырылган конкурска катышуу боюнча сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өзүнүн сунушун тапшыруу менен, Конкурстун катышуучусу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт. Ар бир конкурс катышуучусу бир гана конкурстук сунуш тапшыра алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күндү түзүүгө тийиш. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Таанышуу үчүн кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин долбоору сунушталат. Бул келишимдин долбоору акыркы эмес болуп саналат жана конкурстун жыйынтыктарына жараша өзгөртүлөт (Тиркеме № 6). |
|
| Ушул конкурс боюнча бардык суроолор жана конкурстун шарттарын түшүндүрүү жөнүндө өтүнүчтөр 2026-жылдын 24-апрелинде Бишкек убактысы боюнча саат 12-00гө чейин, башкача айтканда, конкурстук арыздамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 жумушчу күн калганда, Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүүгө тийиш. | |
| Келишим тандоонун жана техникалык тапшырманын шарттарына жооп берген, биринчи жана экинчи баскычтардан өткөн жана эң төмөн бааны сунуштаган катышуучуга ыйгарылат. | |