ТООК АЗЫКТАРЫН (ТОҢДУРУЛГАН ҮЧ АЧА ТООК КАНАТЫ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

ТООК АЗЫКТАРЫН (ТОҢДУРУЛГАН ҮЧ АЧА ТООК КАНАТЫ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 08 September 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 17-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди тоок азыктарын (тоңдурулган үч ача тоок канаты) жеткирүү үчүн баа сунуштарын тапшыруу аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Баа сунушу (мындан ары – «БС») PDF форматында тапшырылып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Тандоо катышуучулары төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:

1)      Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү. Документ шилтемеси: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

2)      БСларды кыргыз же орус тилдеринде даярдап электрондук  форматта chicken2@kumtor.kg электрондук почта дарегине 2026-жылдын 17-сентябрында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.

Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: ·         Жеткирүү мөөнөттөру;

·         Жеткирүү шарттары;

·         Төлөм шарттары;

·         Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү тапшырылган күндөн тартып кеминде 30 календардык күн.

·         Милдеттүү түрдө: продукт үчүн сертификат берүү.

 

Жеткирүү орду

DDP, «Кумтор Голд Компани» ЖАК:

1)      Кыргызстан, Бишкек ш., Лев Толстой көчөсү/Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Жеңүүчү болуп сүрөттөмөгө туура келген жана эң төмөнкү баа берген коммерциялык сунуш таанылат.
“(Тоңдурулган тоок азыктарын) камсыздоо боюнча табыштама” темасын камтыган сунуштар 2026-жылдын 17-сентябрында Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин chicken2@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы келишим берилгенге чейин каалаган убакта сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенме албастан.
Баа сунушу ишкананын расмий бланкында түзүлүп, кол коюлуп, мөөр басылышы керек.
Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун тапшыруу менен, катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.

Ар бир тандоо катышуучусу бир гана баа сунушун бере алат.

Баа сунушунун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сунуштарды тандоо мөөнөтү учурунда баа сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

Бул тандоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек: [email protected]
Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркеме:

Техникалык тапшырма