«КУМТӨРДӨГҮ» КАЛДЫК САКТООЧУ ЖАЙДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮН ОПТИМАЛДУУ ЫКМАСЫН ТАНДОО БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ФИНЛЯНДИЯЛЫК “МETSO OUTOTEC” КОМПАНИЯСЫ ЖҮРГҮЗӨТ

«КУМТӨРДӨГҮ» КАЛДЫК САКТООЧУ ЖАЙДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮН ОПТИМАЛДУУ ЫКМАСЫН ТАНДОО БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ФИНЛЯНДИЯЛЫК “МETSO OUTOTEC” КОМПАНИЯСЫ ЖҮРГҮЗӨТ

Опубликовано: 14 апреля 2023

“Кумтөр” алтын кениндеги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбооруна фин компаниясы тартылат. Бул боюнча атайын сынак өтүп, дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн ондогон компаниялар өз сунуштарын беришкен. Жыйынтыгында, калдыкты кайра иштетүү боюнча эң оптималдуу ыкманы тандоо үчүн изилдөө иштерин Финляндия мамлекетинин “Мetso Outotec” компаниясы жүргүзмөй болду.  “Мetso Outotec” — дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөсүндө өкүлчүлүктөрү бар, эң акыркы заманбап технологияларды колдонгон компаниялардын бири.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев:

“Калдык сактоочу жайдан алтын өндүрүүнү тез арада ишке киргизүү боюнча Президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасы бар. Бул боюнча “Кумтөрдүн” дасыккан адистеринен куралган топ иш алып барууда. Калдыктын минералдык курамын жана кандай технология менен иштетүү максатка ылайык экенин изилдөө үчүн өткөн жылы ноябрь айында атайын сынак жарыяланган. Ага Түштүк Африка Республикасы, Канада, АКШ, Кытай, Россия жана Казакстан баш болгон 20дан ашык өлкөнүн компаниялары катышты. Баардык сунуштарды кылдат карап көрүп, финдердин “Мetso Outotec” компаниясына токтолдук. Анткени булардын дүйнө жүзүндө дал ушундай калдыктарды кайра иштетүү боюнча чоң тажрыйбасы бар экен. Технологиясы дагы бизге жакыныраак болуп турат” – деди.

Кумтөр кен жайындагы алтын ылгоо фабрикасы иштеп баштагандан бери, 27 жыл ичинде калдык сактоочу жайда 150 миллион тонна калдык чогулган. Өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кени өлкө менчигине алынган күндөн баштап, калдык сактоочу жайдагы уулу заттарды зыянсыздандыруу менен бирге экономикага пайда алып келүүчү ири долбоордун ишин тездетүү тапшырмасын берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кумтөрдөгү калдыктарды кайра иштетүүдөн мамлекет 2040-жылга чейин 3,5 миллиард доллар пайда көргөнү турат.

Баардык экономикалык жана техникалык негиздемелер даяр болгон соң, жылына 12 миллион тонна калдыкты кайра иштетүүгө ылайыкталган фабриканын курулушу башталаарын айткан Кубанычбек Турдукожоев: “Бүгүнкү күндө калдык сактоочу жайда 105 миллион куб же 150 тонна калдык бар. Курамы тоннасына 0,8 граммды түзөт. Калдык сактоочу жайдагы 120 тонна алтындын 65-70 тоннага жакынын казып алабыз деп пландап жатабыз. Ошондо жылына 4 тонна 700 киллограм алтын алып калабыз. Бул долбоор 2026-жылдын экинчи жарымында иштеп башташы керек”— деди.

“Кумтөр” кен жайындагы калдыктар толук иштетилип бүткөн соң, зыяндуу заттар кургак аралашмага айлантылып, жер кыртышы калыбына келтирилет. Бул үчүн атайын программа түзүлүп, жыл сайын рекультивациялык фондго каражат которулуп турат. 2022-жылы, 4-апрелде “Центерра Голд” менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлганда, Лондон банкында сакталып келген рекультивациялык иштерге делинген 53 миллион долларды Кыргызстан өз көзөмөлүнө алган. Учурда калдык сактоочу жайды тегерете 240ка жакын ар кандай көзөмөлдөп-өлчөөчү приборлор орнотулуп, жакынкы күндөрү айланасындагы дамбаларды дагы 3 метрге бийиктетүү иштери башталат.