«Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер депутат Эркингүл Иманкожоева жана Жети-Өгүз районунун коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту

«Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер депутат Эркингүл Иманкожоева жана Жети-Өгүз районунун коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту

Жарыяланган: 24 January 2013

«Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер депутат Эркингүл Иманкожоева жана Жети-Өгүз районунун коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту Бүгүн, 2013-жылдын 24-январында, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эркингүл Иманкожоева жана Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда компанияга ишке орношуу, ишке кабыл алуу процедураларынын ачыктыгын жогорулатуу маселелери талкууланды. Райондун жашоочулары компанияга бир катар калктуу пункттарда санитардык абалды жакшыртууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Райондун өкүлдөрү областтын подряддык уюмдарынын «Кумтөр» кен ишканасындагы иштерге көбүрөөк тартылуусун каалагандыктарын да билдиришти.

Өз кезегинде Майкл Фишер чогулгандарды компания ишке кабыл алууда конкурсту мүмкүн болушунча ачык өткөрө тургандыгына жана талапкерлерди тандоону жүргүзүүдө коомчулуктун өкүлдөрүн тарта тургандыгына ишендирди. Компаниянын президенти республиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана областтын медициналык мекемелери менен санитардык абалды жакшыртуу боюнча кызматташуунун улантууга даярдыгын айтты, ошондой эле компания ата мекендик компаниялардан жана уюмдардан ишкер сунуштарды кароого даярдыгын да билдирди.
Маалыматтар боюнча, 2012-жылдын экинчи жарымында кен ишканасындагы ар кандай иштерге Кыргызстандан 30дан ашуун компания тартылган, аларда 1300гө жакын кыргызстандыктар иштешет. Алардын 86%ы – Ысык-Көл областынын жашоочулары.

Ошондой эле Майкл Фишер компания региондогу иштетилген майларды кайра иштетүү боюнча ишкана үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча иштерди финансылоого даяр экендиги жөнүндө да билдирди.