Компаниянын муктаждыктары жана камсыздоочуларга коюлган талаптар боюнча презентация

Жарыяланган: 27 May 2014

ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу Ысык-Көл областында жайгашкан жана катталган ишкерлерди жана коммерциялык уюмдарды төмөндөгүлөрдү камтыган презентацияга чакырат:

– компаниянын сатып алууларын көздөн өткөрүү;
– компаниянын муктаж болгон материалдар, товарлар жана кызматтар;
– камсыздоочуларга жана сатып алынган продукцияга коюлган негизги талаптар;
– сатып алуу процедурасы.

Орундардын саны чектелүү болгондугуна байланыштуу, компания презентацияга катышуу үчүн арыздарды темасында «Презентация» деген жазуу коюп, 2014-ж. 6-июнунда саат 17:00-чейин Kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук почтасына же 0312 592050 номерине факс аркылуу жөнөтүңүздөр. Заявканын формасын бул жерден алсаңыз болот.

Бир уюм өкүл катары эң көп 2 кишини сунуштаса болот.

Презентациянын жери жана убактысы жөнүндө кошумча маалымат мекемеге келип түшкөн арыздар каралып чыккандан кийин таратылат.

Предыдущая публикация«КУМТӨР» аккредиттелген диагностикалык борборлорду ЖЕР БЕТИНДЕГИ ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫН ТЕХНИКАЛЫК КАРОО ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН чакырат Следующая публикация«Кумтөр» бардык кызыккан уюмдарды Кумтөр кен казуу жайынын лагериндеги муздаткыч жабдууларын тейлөө боюнча сунуштарын тапшырууга чакырат
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.