Компаниянын муктаждыктары жана камсыздоочуларга коюлган талаптар боюнча презентация

Компаниянын муктаждыктары жана камсыздоочуларга коюлган талаптар боюнча презентация

Жарыяланган: 27 May 2014

ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу Ысык-Көл областында жайгашкан жана катталган ишкерлерди жана коммерциялык уюмдарды төмөндөгүлөрдү камтыган презентацияга чакырат:

– компаниянын сатып алууларын көздөн өткөрүү;
– компаниянын муктаж болгон материалдар, товарлар жана кызматтар;
– камсыздоочуларга жана сатып алынган продукцияга коюлган негизги талаптар;
– сатып алуу процедурасы.

Орундардын саны чектелүү болгондугуна байланыштуу, компания презентацияга катышуу үчүн арыздарды темасында «Презентация» деген жазуу коюп, 2014-ж. 6-июнунда саат 17:00-чейин Kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук почтасына же 0312 592050 номерине факс аркылуу жөнөтүңүздөр. Заявканын формасын бул жерден алсаңыз болот.

Бир уюм өкүл катары эң көп 2 кишини сунуштаса болот.

Презентациянын жери жана убактысы жөнүндө кошумча маалымат мекемеге келип түшкөн арыздар каралып чыккандан кийин таратылат.