Жерди кантип туура пайдалануу керек

Жерди кантип туура пайдалануу керек

Жарыяланган: 21 May 2012

2012-жылдын 23-24-майында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Барскоон айылындагы Регионалдык маалымат борборунда «АгроЛид» КБнын адистери жергиликтүү жашоочулар үчүн «Топурак жана жер семирткичтердин жардамы менен топурактын асылдуулугун жогорулатуу. Технологиялык карта жана сезондук календарь» темасында тренинг өткөрүшмөкчү.

Семинардын максаты катышуучулардын топурактын өзгөчөлүктөрү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жер семирткичтерди колдонуу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга ICCO колдоосу астындагы «Жерди сактайлы!» долбоорунун алкактарында «АгроЛид» КБнын адистери тарабынан иштелип чыккан «Топурак таануу» видеокурсу көрсөтүлмөкчү.

Катышуучулар Кыргызстандагы топурактардын типтери, алардын абалы жана асылдуулугун жогорулатуу методдору жөнүндө толук маалымат алышмакчы.
Тренингдин жыйынтыктары боюнча катышуучулар сезондук календарды жана өрүк өстүрүү боюнча технологиялык картаны түзүшмөкчү.
Бул Долбоор Герман эл аралык кызматташуу боюнча коомунун (GIZ) «Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө туруктуу көмөктөшүү» программасынын, «ICCO» голландиялык уюмунун жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» колдоосу астында «АгроЛид» Коомдук бирикмеси менен менен биргеликте жүзөгө ашырылууда. Тренингдер жакшы таанылуучу «Кыргызстандын өрүктөрү» бренддин түзүүгө багытталган. Бул тренингден өтүшкөндөн кийин катышуучулар Фермерлердин талаа мектептеринде фермерлер үчүн ушундай эле семинарларды өткөрүшмөкчү.