МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ТЕТИКТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ТЕТИКТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 29 October 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн тетиктер жана техникалык каражаттар тобуна эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку билими бар;
  • MS Office программаларын, анын ичинде Excel программасын ишенимдүү деңгээлде колдонуу;
  • Ишкердик кат алышуу көндүмдөрүнө ээ, жазуу жана оозеки түрдө сабаттуу сүйлөө;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Сатып алуулар боюнча стандарттарды жана жол-жоболорду билүүсү артыкчылык катары каралат;
  • Аналитикалык ой жүгүртүүгө ээ, деталдарга кылдат мамиле кылуу.

Милдеттер:

  • Жеткирүүчүлөр жана сатып алуу боюнча тапшырмалар тууралуу маалыматтарды корпоративдик программаларга жана маалыматтык системаларга киргизүү жана жаңылоо;
  • Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча өтүнмөлөрдү даярдоо;
  • Компаниянын муктаждыктарына ылайык материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча өтүнмөлөрдү даярдоо, жол-жоболоштуруу жана жөнөтүү;
  • Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнүн шарттарын, мөөнөттөрүн жана бааларын тактоо;
  • Сунуш берүү боюнча суроо-талаптарды даярдоо жана жеткирүүчүлөр тарабынан берилген сунуштарды талдоо;
  • Коммерциялык сунуштарды алуу боюнча суроо-талаптарды даярдоо;
  • Келишимдердин шарттарын даярдоо жана макулдашуу процессине катышуу;
  • Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү процессин жүргүзүүгө катышуу;
  • Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын узактыгы – эки жылга чейин;
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылы 10-ноябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.