МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ТЕТИКТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 29 October 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн тетиктер жана техникалык каражаттар тобуна эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку билими бар;
- MS Office программаларын, анын ичинде Excel программасын ишенимдүү деңгээлде колдонуу;
- Ишкердик кат алышуу көндүмдөрүнө ээ, жазуу жана оозеки түрдө сабаттуу сүйлөө;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Сатып алуулар боюнча стандарттарды жана жол-жоболорду билүүсү артыкчылык катары каралат;
- Аналитикалык ой жүгүртүүгө ээ, деталдарга кылдат мамиле кылуу.
Милдеттер:
- Жеткирүүчүлөр жана сатып алуу боюнча тапшырмалар тууралуу маалыматтарды корпоративдик программаларга жана маалыматтык системаларга киргизүү жана жаңылоо;
- Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча өтүнмөлөрдү даярдоо;
- Компаниянын муктаждыктарына ылайык материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча өтүнмөлөрдү даярдоо, жол-жоболоштуруу жана жөнөтүү;
- Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнүн шарттарын, мөөнөттөрүн жана бааларын тактоо;
- Сунуш берүү боюнча суроо-талаптарды даярдоо жана жеткирүүчүлөр тарабынан берилген сунуштарды талдоо;
- Коммерциялык сунуштарды алуу боюнча суроо-талаптарды даярдоо;
- Келишимдердин шарттарын даярдоо жана макулдашуу процессине катышуу;
- Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү процессин жүргүзүүгө катышуу;
- Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын узактыгы – эки жылга чейин;
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылы 10-ноябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.