«Кумтөр» Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылындагы коомдук китепкананын курулушун колдоду

«Кумтөр» Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылындагы коомдук китепкананын курулушун колдоду

Жарыяланган: 12 May 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) Кыргызстанга өткөндөн кийин, билим берүү долбоорлорун колдоо иштери компаниянын социалдык жоопкерчилигинин маанилүү багыттарынын бири болуп калды. «Кумтөрдүн» аркасы менен Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун тургундары үчүн жаңы коомдук борбор, ал эми жаштар үчүн билим алуу жана өнүгүү жайы ачылат. Кызыл-Суу айылындагы «Дем» долбоорунун алкагында ачылышы пландалып жаткан коомдук китепкананы оңдоого жана керектүү жабдыктарды сатып алууга компания тарабынан бир миллион жүз миң сом бөлүнгөн.

Ушундай эле борбор бир нече жылдан бери облустун борбору – Каракол шаарында ийгиликтүү иштеп келет. Бул убакыт аралыгында «Дем» долбоору Караколдун жүздөгөн тургундарын бириктирип, жаштарды кызыктырган жайга айланды. Бул кадимки китепканадан айырмаланат.  Бул жерде ар кандай семинарлар, мастер-класстар, музыка жана кино кечелери үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Китепкана дем алышсыз иштейт, китепкана билеттери, китепканачылар жана картотека жок.  Текченин жанындагы атайын баракка аты-жөнүн жазып керектүү китепти алса болот.

Кызыл-Суу айылындагы «Дем» борбору жакын арада иштей баштайт. Болочок борбордун коноктору үчүн жаңы комплексте чакан кинозал дагы болот. Кенен окуу бөлмөлөрүндө мектеп окуучулары сабактарга даярданып, классикалык чыгармаларды жана адабий жаңылыктарды окуй алышат. «Кумтөр» компаниясы болочок китепканага китептер менен да жардам берет.

– Караколго салыштырмалуу бул жерге келчулөр көбүрөк, айтор 3000ге жакын адам болору күтүлүүдө. Бул жерге Барскоондон Оргочорго чейин бардык айылдардан балдар келет. Долбоордун негизги максаты – өз ара аракеттешүүнүн заманбап формалары аркылуу окуу маданиятын өнүктүрүү. Борбордун ачылышына жакын биз жанындагы чакан эс алуу багын оңдоп-түзөп, отургучтарды орнотууну пландаштырып жатабыз. Эми, китепти эшикте таза абада окуса болот, – деп белгиледи долбоордун координатору Өмүрбек Токтобаев.