«Кумтөр» Улуттук филармониянын солисттеринин Баткендеги гастролуна демөөрчү болду

«Кумтөр» Улуттук филармониянын солисттеринин Баткендеги гастролуна демөөрчү болду

Жарыяланган: 13 May 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) колдоосу менен Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисттери Кыргызстандын аймактарында концерттерин улантууда. Апрель айында Каракол шаарында облустук театрдын сахнасында «Кумтөрдүн» колдоосу менен «Через тернии к счастью» музыкалык спектаклинин премьерасы болду. КГК менен артисттердин чыгармачыл жамаатынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин улантылышы республиканын эң алыскы областтык борбору болгон – Баткен шаарында ушундай эки спектаклди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Караколдо болгондой эле, Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын сахнасында белгилүү акын-импровизатор Аалы Туткучевдин катышуусунда коюлган спектаклдер аншлаг менен коштолду. Көрүүчүлөрдүн арасында Кыргызстандын чек ара сакчылары жана аскер кызматчылары да бар эле.

Билим берүү, искусство жана спорт тармагындагы долбоорлорду активдүү колдоо, маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө салым кошуу бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компанинин» өнүгүү стратегиясынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.