«Кумтөрдүн» эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолун оңдоого 1,9 млн. АКШ доллары жумшалган

Жарыяланган: 07 October 2014

Республикалык деңгээлдеги мааниге ээ Ысык-Көлдүн тескейиндеги жолду калыбына келтирүү өткөн жылы Бөкөнбаев жана Тоң айылдарынын ортосундагы жол тилкесин оңдоодон башталган.

Ал бөлүктөгү жолдун узактыгы 4км 459 метр. Ысык-Көл облусунун тургундары менен меймандары белги түшүрүлгөн жаңы оңдолгон жолго баа беришти.

Үстүбүздөгү жылы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол трассасындагы оңдоо иштери жолдун бетин бүдүр-катмар төшөө ыкмасы менен 45-ден 53-чакырымга чейин (Бар-Булак, Шор-Булак айылдары) жана 108-ден 112-чакырымга чеийн (Кажы-Сай айылынан ары) жалпы узундугу 12км бөлүктөрүндө аткарылды.

2013-2014 жж аралыгында Ысык-Көл облусунун жолдорун оңдоого «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы 1,9 млн. АКШ долларын жумшаган. Бардык оңдолгон жол бөлүктөрү жергиликтүү бийликтин катышуусу менен оңдоого өтө муктаж жерлерден тандалып алынган.

Предыдущая публикацияТамга айылында «Кызгалдак» балдар бий тобунун концерти болду Следующая публикацияСаруу айылында «Кумтөр» ишканансынын колдоосу менен жаңы инфраструктуралык объектилер ачылып, бешинчи республикалык спорттук турнир болуп өттү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.