Руслан ЭШМАНБЕТОВ, Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы: «Барскоонду ѳнүктүрүп, шаар кылсак деген аракетибиз бар»

Руслан ЭШМАНБЕТОВ, Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы: «Барскоонду ѳнүктүрүп, шаар кылсак деген аракетибиз бар»

Жарыяланган: 24 September 2013

Руслан ЭШМАНБЕТОВ, Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы: «Барскоонду ѳнүктүрүп, шаар кылсак деген аракетибиз бар»Ар бир айыл эли айыл ѳкмѳтү менен тыгыз байланышта болуп, алгачкы ийгиликтер да, арыз-муңдар да ушул айыл ѳкмѳттѳрүнѳн башталат. Алар азыркы учурда ѳйдѳкү бийликти карап олтурбай, ѳз алдынча аракеттерди жүргүзүп, эл менен кеңешип, кѳйгѳйлѳрүн ѳздѳрү чечүүнүн жолун таап калышкан. Бирок, тим гана стол кучактап олтуруш үчүн келген айыл ѳкмѳттѳрү да жок эмес. Кандай жагынан болсо да, гезитибиздин «Айыл ѳкмѳтү» рубрикабыздын алдында республиканын ар тарабындагы айыл ѳкмѳт башчылары менен маек куруп, алардын иш-түзүмдѳрүн, кѳйгѳйлѳрүн, жакшы саамалыктарын жана башкасын чагылдырып турууну эп кѳрдүк.

6-сентябрь күнү Жети-Ѳгүз районунун Барскоон айыл ѳкмѳтүндѳ толук оңдоп-түзѳѳ иштеринен ѳткѳн Маданият үйүнүн ачылышы болуп, айылдыктар чоң майрамга чогулушту. Биз бул күнгѳ күбѳ болуп, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Руслан ЭШМАНБЕТОВ менен маектештик.

– Айыл өкмөтүнүн милдетин кайсы убактан бери аткарып келе жатасыз, кызматка келүүгө эмне түрткү болду, ошондон сөз баштап берсеңиз?
– Ушул жылдын 28-январында Айыл өкмөтүнө болгон шайлоого талапкерлигимди көргөзгөм. Ага чейин айылдык кеңешке шайлоого катышып, 105 талапкердин ичинен эң көп добуш менен депутатыкка өткөн элем. Эл астында кызмат кылуу жоопкерчилигине чейин чет жакта иштеген убакыт да болду, бирок атуул катары айылдын жашоосуна кайдыгер карай алган жокмун, ѳз айылымдын элине кызмат кылайын деген ниет-тилек негизги себеп болду деп билем.

– Сиз кызматка келгенге чейин айылдын өнүгүү деңгээли кандай эле?
– Чынын айтканда, мурун ким кандай иштегенине маани бергим келбейт, алардын ишине кийлигишип териштиргендин эч кандай кажети жок деп эсептейм. Ал убакта ар кандай кырдаалдар болду, ар ким өз убагына өзү жооп берет. Баардыгына мезгил тараза. Мен болгону жаңыча көз караш менен бир катар реформалык иштерди жүргүзсөм деген максат менен келдим. Калганын кандай болушту эл чечет.

– Айыл өкмөтүнүн милдетин алган соң адегенде кайсыл иштерди баштоону зарыл деп таптыңыз, азыркы тапта кандай иштер жасалууда?
– Эң биринчи зарыл нерсе, бул элдин ички ынтымагы, биримдиги. Элдин ынтымагын арттыруу эң башкы иш, анткени, ынтымак бар жерде гана ырыскы-береке, бири-бирин түшүнүп сыйлоо болот. Ынтымактын негизинде жалпы айылдын ийгилиги жатат. Менин эң башкы урааным жана иштөө багытым ушул. Айылдын ички турмуш деңгээлин түшүнбөй туруп иш кылган кыйын эмеспи, башынан эле айылды көчөмө-көчө кыдырып кѳрүп, элдин жашоо кѳйгѳйүн жакшы билебиз. Андыктан, айта берсе көйгөй көп, ошолордун бардыгын тизмектеп туруп, анан иштөө тартибибизди жана багытыбызды аныктап келебиз.

– «Аккан арыктан суу агат» демекчи, Барскоон айылдык мектеп жана көчөсү чоң атаңыздын атында экен…
– Ооба, Барскоон айылына чоң атам Эшмамбет Кендирбаевдин эмгеги зор. Убагында айылга чоң канал, оорукана салган жана андан бөлөк иштер менен эл көзүнө көрүнүп, сөзүнө алынгандай эмгек кылган экен. Ушундан улам дагы чоң атамдын аты өчпөсүн, айылдын жашоосунда жаңылануу болсун деген жүрөктөгү патриоттук сезим менен ѳзүмдүн да жалпы элге деген тилегим ишке ашса деген аракеттин үстүндө иштеп келе жатам. Айылды өнүктүрүүдө аткаруучу иштер абдан көп. Эң негизгиси, элдин колдоосу болсо эле чоң иштерге ишенимдүү кадам таштайбыз. Элдин сүрѳп-колдоосу кадимкидей чоң дем-күч берет.

– Айыл ѳкмѳтүндѳгү маселелерди чечүүдѳ акча каражаттары кандайча каралган?
– «Кумтөр» алтын кени Барскоон айылына жакын болгонуна байланыштуу, бизде учурда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу маселеси жолго коюлуп жатат. Маселен, Жети-Өгүз районуна «Кумтөрдөн» подоходный налог келет. Жети-Өгүздө 13 айыл өкмөтү ортодогу бюджетти бөлүштүргөндө Барскоон айылынын бюджетин дагы караганбыз. Ошонун негизинде биздеги кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳ элдин суроо-талабына ылайык эң биринчи максатым айылдагы согуш ардагерлерине тургузулган эстеликти жаңыртуу, оңдоп-түзөө болду. Мен ѳзүмдүн айыл ѳкмѳттүк ишимди ушундан баштадым. Өткөн тарыхыбызды унутсак, иш илгерилебейт. «Өткөндөрдүн даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт» дегендей, Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине, Афган согушунда курман болгондорго, ошондой эле 7-апрельде шейит кеткендерге арналып, алардын ысымдары түшүрүлгөн эстелик дубал тургузулду. Буга чейин эстелик каралбай калган болчу, эми минтип жаңырган эстеликти көрүп эл ыраазы. Баталарын аяшкан жок.

Бизде азыр дыйкан чарбанын элге тиешелүү 30 га, дагы 20 га жерибиз бар. Мен келгенге чейин айылдын жаштарына бул жерди үлүш жер кылып бөлүп салалы деген ойлор жүрүп жаткан экен. Чынында ал жерди бөлүштүрө келгенде элдин санынын көптүгүнө байланыштуу ар бир кишиге 1 сотых жер да чыкпай калмак. Ошондуктан экономикалык жактан пайдалуулугун карап туруп, бул жерди айыл өкмөтүнүн балансына депутаттардын чечими менен өткөрүп алдык. Алган соң 10 га жерге 3250 түп абрикостун эки түрүн тиктик. Андан бөлөк 10 га жерге арпа айдап койдук. Көчөттөр Ак-Теректин питомнигинен 425 миң сомго карызга алынгандыктан, андан кутулуу максатында дыйкан чарбага тиешелүү жерлерди иштетип, андан түшкөн киреше 200 миң сом карызга кетип, дагы 225 миң сом калып калды. Карызды толук жабуу максатында элге кайрылып марафон уюштурууга туура келди. Эл бул демилгени туура түшүнүп, натыйжада жарым миллиондой акча каражаты чогултулду.

– Бүгүн айыл үчүн өтө маанилүү болгон Маданият үйүнүн ачылыш аземин өткѳрүп жатасыздар, клубдун жаңыланышы оңойго турбаса керек?
– Өнүгүү маданияттан башталат, маданиятсыз айылдын көркү ачылбайт, эл өнүкпөйт. Биздин айылдагы Маданият үйү 1959-жылы салынып, ошондон бери стим гранттын эсебинен ички ремонт иштери эле жүрүп келген. Маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүү ичин жаңылантуу маселеси олуттуу иш болгондуктан, айылдын бюджетин караган учурда ушуга маани бергенбиз. Буюрса клуб жаңыланы, жакшыртуу иштери бүтүп, бүгүн жакшынакай салтанат менен ачылып жатат. Бул биздин айыл үчүн чоң майрам десек болот. Анткени мындай деңгээлдеги иш-чара уюштуруучуларды гана эмес, жалпы элди кубандырууда. Бул жерден баса белгилей кетчү жагдай, «Кумтөр» компаниясы клубдун салынышына достук мамиленин негизинде чоң жардам берди. Маданият үйүнүн ички жасалгасына кеткен люстралар, парда, техникалык аппаратура, эмерек буюмдар «Кумтөрдөн» бөлүнгөн 703 миң сом акча каражатына алынды. Анын баардыгын элдин табитине жараша өзүбүз тандап алып келдик. «Кумтөрдүн» айыл үчүн жардам кылып жаткан мындан башка да иштери көп. Мисалы, айылдык китепканага жаңы китептерди сатып берип, жарнамалык щиттерди орнотушкан. Ал эми жакында эле кыян жууп кеткен жерлерди кайра калыбына келтирүү иштеринде «Кумтөрдүн» техникасы салынып, чоң жардамын тийгизди. Мындан ары деле «Кумтөр» менен иштешүү, кызматташуу жакшы жолго коюлат деп ишенем. Саясый оюндардын куралына айланган митинг, пикет, ар кандай чыгуулардан биздин эл алыс, мен өзүм элге өзгөчө жаштарга кайрылып, бизге стабилдүүлүк, тынчылык керек экендигин түшүндүрүп келем.

– Айылды өнүктүрүүдө алдыга кандай иш мерчемдерин коюп жатасыздар?
– Буюрса, ой-максаттар көп, бардык нерсе акырындап башталып келатат. Жогоруда айтып өткөндөй, жемиш бактары тигилген жер боюнча атайы долбоор жазылууда, ал жерде жемиш бакча, өнүмдөрдү (продукты) сактоочу жай, теплица, тооккана, бал челек ж.б уюштуруп, ал жерден түшкөн өнүмдү кайрадан «Кумтөргө» өткөрсөк деген ойубуз бар. Себеби, «Кумтѳрдѳ» бир нече миң адам иштейт жана аларга экологиялык жактан таза гана ѳнүмдѳрдүн болушу пайдалуу. Ар бир уюштурулган нерсе жөн гана туруп калбастан, экономикалык баалуулугу да болуш керек, калктын кызыкчылыгы үчүн иштеш керек. Учурда жасалып жаткан иштер арбын, эл ѳзү күбө. Барскоонду ѳнүктүрүп, келечекте шаар кылсак деген аракетибиз бар. Эң башкысы, элибиздин ынтымагы жана талыкпаган ак эмгек. Ар бир жараныбыз кайдыгерликтен алыс болсо эле ишибиз арбыйт, көйгөйлөр убагында чечилет.

Такен КЕЛГЕНБАЕВ, эмгек ардагери Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу. 1968-1978-жылдар аралыгында Маданият үйүнүн башчысы болуп эмгектенген. Эмгек жолунда 25тен ашык көп актылуу спектаклдерди жараткан. 1980-жылы Барскоон маданият үйү Элдик театр наамын жеңип алган:

– Бүгүнкү салтанат мен үчүн чоң канааттандыруу, терең кубануу сезимдерин тартуулап жатат. Менин өмүрүм, тагдыр жолум ушул Маданият үйү менен терең байланыштуу. Дал ушул жерде чыгармачылык жолумду басып өттүм. Клубду кайрадан жаңыртып жаңы өмүр берип жаткан айыл өкмөтүнө терең ыраазчылыгымды билдирем.

Сапарбек САГАЛИЕВ, айылдык кеңештин депутаты:

– 1959-жылдан бери Маданият үйү чоң капиталдык ремонтту көрө элек болчу. Ортодо «Аристен», ошондой эле райондук бюджеттен бөлүнгөн каражаттар менен ремонт иштери максатына жеткен эмес. Быйыл жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле «Кумтөрдүн» жардамы менен клуб толугу менен кайрадан жаңыланды. Ички жасалгасы азыркы заман талабына жооп бергидей деңгээлине жетти десем жаңылбайм. Мындай саамалык иштин болуп жатышы айыл элин кубандырууда.

Жолдошбек КЕНЕНБАЕВ, « Кумтөрдүн» аймактык маалымат борборунун координатору:

– Бул клубдун ачылышы менен бизде бир топ чоң үмүттөр жаралууда, «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей, ушул маданий очогубуздан эл артисттери өсүп чыксын, маданиятка эмгеги сиңген мыкты таланттар чыксын деп тилек кылып жатабыз. Буга чейин Маданият үйүнүн жоктугу маданиятка шыктуу таланттарыбызга бир топ эле кыйын болуп, эл астына чыга албай билинбей жүрүшкөн. Бүгүнтөн баштап буга чейин айылыбыздан чыккан мыкты инсандарыбыздын жолу уланат, клубдун ачылышы менен ийгиликтер келет деп терең ишенем.

Талант ЖАНЫБЕКОВ
«Көк Асаба» (11 09 2013)