Мөңгүлөрдүн абалы

Мөңгүлөрдүн абалы

Жарыяланган: 27 August 2015

Борбор Азияда табиятта суунун айланышында мөңгүлөр жогорку мааниге ээ. Жайкысын, аймакта жаан-чачындар дээрлик жок мезгилде мөңгүлөрдүн эриши дарыя сууларынын негизги бөлүгүн камсыздайт. Мөңгүлөрдүн бөксөрүшү менен сугат маалында суунун каатчылыгын жаратып, коңшуларыбыз Казакстан менен Өзбекстан да кошо кыйынчылык тартат. Бирок москвалык илимпоздордун байкоолору бираз жоошутат. Кыргызстандын бардык мөңгүлөрүндө абал начар эмес.