КТРК: Өкмөт Кумтөр боюнча чечим чыгарды

КТРК: Өкмөт Кумтөр боюнча чечим чыгарды

Жарыяланган: 25 December 2013

“Кумтөр” боюнча жаңы келишимге ылайык эки тараптын пайыздык үлүштөрү 50-50 болгон биргелешкен жаңы ишкана түзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн канадалык инвесторлор менен жетишилген сүйлөшүүлөрдүн соңку жыйынтыгы боюнча билдирди. Анын айтымында, келишим Кыргызстан үчүн ылайыктуу. Келишимде Кыргызстан эч кандай каржылык милдеттенмелери жок 50 пайыз үлүшкө ээ болуп жатат. Долбоор Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Өкмөт башчы парламент соңку келишимди колдойт деп үмүт артат.