Кайрымдуулук

15.06.2017

«Кумтɵр» компаниясынын жабдуу жана материалдык-техникалык камсыздоо бɵлүм кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен бирге «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунда ишембилик ɵткɵрүштү

2017-жылдын 10-июнунда «Кумтɵр» компаниясынын жабдуу жана материалдык-техникалык камсыздоо бɵлүм кызматкерлери Бишкек шаарындагы бɵлүм тарабынан 2012-жылы камкорчулукка алынган «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунда ишембилик ɵткɵрүштү.

25.04.2017

Өткөн дем алышта «Кумтөр» кызматкерлери эки мекемеде ишембилик өткөрүштү

22-23-апрелде «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Бишкектеги Биринчи балдар хосписи жана Беловодскидеги Психоневрологиялык борбордо ишмебилик өткөрүштү.

28.02.2017

«Кумтөрдүн» Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары менен тоо-кен бөлүмдөгү «А» нөөмөтүнүн кызматкерлери авиакырсыкта жабыркагандарга даректүү жардам көрсөтүштү

«Кумтөр Голд Компанинин» Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары 2017-жылдын 16-январында «Манас» аэропорту тушундагы авиакырсыкта жабыркагандарга акчалай жардам беришти.

20.12.2016

“Кумтɵрдүн” кызматкерлери Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдɵɵ борборунун (БТжОИИБ) күйүк бɵлүмүнүн палаталарындагы ремонтту финансылашты

«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери дайыма кайрымдуулук максатына каражаттарды чогултушат. Бул жолу бүтүндɵй компания боюнча каражат чогултуу «Кумтɵрдүн» медициналык бɵлүмүнүн демилгеси боюнча Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдɵɵ борборунун Кыргызстандагы жалгыз күйүк бɵлүмүнɵ жардам берүү үчүн уюштурулду

26.09.2016

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борборуна жардам кɵрсɵтүштү

2016-жылдын 23-сентябрында «Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борборунда кайрымдуулук акциясы менен болушту.

06.09.2016

“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери «Адамзатка Жардам» кризистик борборуна жардам беришти

“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жергиликтүү «Адамзатка Жардам» кризистик борборуна кийм-кече, оюнчук жана акча жыйнашты.

29.07.2016

“Кумтɵр Голд Компанинин” кызматкерлери жайлоодогу кɵчмɵ балдар бакчасында белектери жана мастер класстары менен болушту

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү “Кумтɵр” компаниясынын кызматкерлери Кɵк-Жайык жайлоосундагы кɵчмɵ балдар бакчасына тарбиялануучулар үчүн керектүү болгон канцеляриялык товарларды жана окуу китептерин тапшыруу үчүн барышты.

29.07.2016

«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен бирге Тоӊ районунун пляждарын тазалашты

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү компаниянын жыйырма кызматкери жергиликтүү бийликтердин жана жаштар уюмдарынын ɵкүлдɵрү жана «Жашыл Билик» КФсы менен бирге Тоӊ районундагы үч пляжды таштандыдан тазалашты жана «Жашыл чекит» долбоорунун алкагында Тоӊ айылында эко-пляж орнотушту.

24.06.2016

«Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери Кыргызстандагы Биринчи Балдар Хосписине тиричилик техникасын белек кылышты

2016-жылдын 22-июнунда «Кумтөр Голд Компанинин» медициналык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандагы Биринчи Балдар Хосписине айкаш үлгүдөгү тамак бышыруу үчүн меш, блендер жана эт туурагыч белек кылышты.

17.06.2016

Ак-Дөбө айылында “Кумтөр” компаниясынын колдоосу менен аарычылык фермасы ачылды

2016-жылдын 10-июнунда Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында Глобалдык экологиялык фонддун/БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы долбоорунун алкагында КРдин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) жана “Кумтөр Голд Компани” менен ызматташтыкта түзүлгөн «Алтын аары» аарычылык фермасынын ачылышы болуп өттү.

03.06.2016

«Кумтɵр» компаниясынын «Учкун» кеңсесиндеги транспорт бɵлүмү Красная Речка атайын мектеп-интернатына жардам кɵрсɵттү

«Кумтɵр» компаниясынын «Учкун» кеңсесинин транспорт жана администрация бɵлүмдөрүнүн кызматкерлери Красная Речка атайын мектеп-интернатына тарбиялануучуларын Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттукттап барышты.

01.06.2016

«Кумтɵр» компаниясы кенже кыргызстандыктарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Бүгүн, Эл аралык балдарды коргоо күнүндɵ, Ысык-Кɵл облусунун Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондорунан, ошондой эле Балыкчы жана Каракол шаарларынан миӊден ашуун бала «Кумтɵр» компаниясынан белек алышты. Салт боюнча облустун балдар үйүлɵрү менен реабилитациялык борборлордогу бөбөктөр, аз камсыз үй-бүлɵлɵрдүн балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар куттуктоо алышты. Компания бɵлгɵн жалпы сумма 500 миӊ сомго жакынды түздү.