«Айыл Банкта» Кыргызстандын элет калкын колдоо үчүн «Кумтөр-Чакан» микрокредиттик линиясы ачылды

«Айыл Банкта» Кыргызстандын элет калкын колдоо үчүн «Кумтөр-Чакан» микрокредиттик линиясы ачылды

Жарыяланган: 19 November 2013

Ayil Bank Opened Kumtor-Chakan Line of Microcredit to Support Rural Population of KyrgyzstanЭлет калкын колдоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынан демөөрчүлүк жардамдарды оптималдаштыруунун алкактарында «Кумтөр-Чакан» атайын кредиттик продуктысы аркылуу элет жериндеги калк арасында жеӊилдетилген микрокредиттөө долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча агент катары «Айыл Банк» ААКсын тандап алуу чечимине келди. Бул чечим «Айыл Банктын» айыл жашоочулары үчүн кредиттерди берүү чөйрөсүндө көп жылдык тажрыйбасы, ошондой эле өлкөнүн бардык региондорундагы жарандарды кредиттер жана башка банк кызматтары менен максималдуу камтууга мүмкүндүк берүүчү анын кеӊири регионалдык тармагы менен негизделген.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын «Ала-Тоо Финанс» МКАсынан «Айыл Банк» ААКсына берилип жаткан демөөрчүлүк жардамынын эсебинен ресурстардын көлөмү 808 млн. жакын сомду түзөт. Областтык микрокредиттик агенттиктердин аракеттеги кредиттик портфели түрүндө дагы 70 млн. жакын сом кийинчерээк берилмекчи.

Активдерди (акча каражаттарын жана кредиттик портфелди) толук алгандан кийин банк «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын каражаттарынан жеӊилдетилген кредиттер түрүндө ай сайын болжол менен 100 млн. сомдон берүүнү пландаштырууда. Башкача айтканда, 2-3 миӊдей адам ай сайын кредиттерди алмакчы. Мына ошентип, бардык алынган каражаттар 8-9 айда жайгаштырылмакчы.

«Кумтөр-Чакан» кредиттик продукт элет калкынын социалдык аялуу катмарларына жеӊилдетилген финансы каражаттарына жеткиликтүүлүктү берүү үчүн түзүлгөн. Мында «Айыл Банк» бул продуктынын алкактарында кредиттерди Кыргызстандын банк мекемелеринин арасынан жагымдуу шарттар – 5 миӊден 50 миӊ сомго чейин, 1 жылдык мөөнөткө 10% жылдык үстөк ставкасы боюнча берүүнү пландаштырууда.

Элет жашоочулары берилген каражаттарды дыйканчылыкты, мал чарбасын колдоо, фермердик чарбаларды өнүктүрүү жана элет жеринде ар кандай кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдалана алышмакчы. «Кумтөр-Чакан» продуктысы боюнча кредиттөөнү башкы максаты – элет жеринде киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү менен адамдардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана жер-жерлерде экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү.