Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр» компаниясы 2014-жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 102 933 унция1 же 3 202 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 2,23 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.