Сатып алуулар жана Логистика

Сатып алуулар жана Логистика

– Компания чет өлкөдөн азык-түлүк ташып келеби?

– Тоо-кен ишканалары өндүрүш менен кызматкерлердин штатын толук камсыздоо үчүн керектелген товарлар жана материалдардын ири кардарлары. Бардык азык-түлүк келишимдери 100% Кыргыз Республикасында түзүлөт. Учурда өндүрүштүк иште күнүмдүк керектелүүчү 11 000 аталыштагы товарларды 600дөй Кыргызстандын ишканалары камсыздашат. «Кумтөр» иштеген жалпы мөөнөт ичиндеги жергиликтүү сатып алуудардын акчалай көлөмү тууралуу бул шилтеме аркылуу маалымат алса болот.

– «Кумтөр» товарлардын кандай негизги категорияларын жана кайдан сатып алат?

– «Кумтөр Голд Компани» сатып алган товарлардын негизги категориялары жана географиясы биздин сайттын Эмнеге, эмне жана кайдан алынат? бөлүмүндө кеңири берилген.

– Компания кандай товарлар жана кызматтарды сатып алууну көздөйт?

– Жергиликтүү сатып алуулар боюнча жарыялар Кумтөр кызматташууга чакырат бөлүмүндө. Ошондой эле, «Кумтөр Голд Компани» учурда жергиликтүү камсыз кылуучулардын жогунан чет өлкөдөн сатып алып жаткан товарлар боюнча жергиликтүү ишканалардан коммерциялык сунуштарга кызыкдар. Кеңири маалымат Камсыз кылуучуларды издейбиз бөлүмүндө.

– Компаниянын камсыз кылуучусу болуунун жолдору кандай?

– Компания менчик ээлери КР жарандары болгон ишканаларга артыкчылык берип, кен ишканага жакын жайгашкандарына мүмкүн болушунча колдоо көрсөтөт. Ишкана ээлерин ак-ниеттүүлүккө текшерүү үчүн бардык учурларда «Кумтөр Голд Компанинин» жетектөөчү принциптери, анын ичинде Эл аралык бизнес жүргүзүү саясаты жана Этика нормаларынын Топтому пайдаланылат. Ошондой эле, «Кумтөр» менен келишим түзүүнү каалаган бардык ишканалар (же уюмдар) Кыргыз мыйзамдарынын нормаларына толук жооп берүүсү милдеттүү. Камсыз кылуучуларга коюлган талаптар боюнча толук маалымат Жергиликтүү сатып алуулар бөлүмүндө.

СУРОО-ЖООПТОРГО КАЙТУУ