200 млн. доллар оңой акча эмес

200 млн. доллар оңой акча эмес

Жарыяланган: 22 March 2012

Андан тышкары Акыркы жыйырма жылда Кумтөр алтын кенинин Кыргызстандын экономикасындагы ордун эч ким танбаса керек. Өлкөнүн бюджети тууралуу сөз болгондо, Кумтөрдү кошкондо жана Кумтөрдү кошпогондо деп бюджет жайын айтканда эле айырма миллиардды түзүп, алтын кенинин өлкөнүн экономикасындагы орду дароо эле көрүнүп калат.

Жакында, мына ушул Кумтөр алтын кенин иштеткен “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКтын жетекчилиги алмашылып, келишим мөөнөтү аяктаган Роберт Вандердин ордуна 2009-жылдын мартынан бери өндүрүш боюнча вице-президент болуп иштеп келген Майкл Фишер олтурду. Өндүрүш боюнча вице-президент болуп, “Кумтөр Оперейтинг Компаниде” 13 жылдан бери иштеген Родни Ступарик дайындалды. Ал буга чейин компанияда өндүрүштөгү эмгекти жана ден соолукту коргоо, өндүрүш коопсуздугу, технологиялык процесстерди өркүндөтүү маселелерине кураторлук кылган. 2009-жылдан бери “Кумтөр” кенинин тоо-кен бөлүмүнүн ишин жетектеген.

Майкл Фишер тууралуу айтсак, ал Жаңы Зеландиялык. Кесиби – тоо инженери. Тоо-кен өндүрүшүндө 30 жылдык иш тажрыйбасы бар. Түштүк Африка, Австралия, Папуа Жаңы Гвинея, Чилиде алтын жана түстүү металлдар кендеринде иштеген. Демек, мунун өзү буюрса “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жетекчилигине иш билги, Кумтөр алтын кенинде мурда-кийин иштеп келаткан адамдар келгенин, иш ырааттуу улана бере турганын көрсөтөт.
Эгер, маалыматтарга таянсак, “Кыргызалтын ААК”сы 2011-жыл үчүн “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” уюштуруучусу болгон “Centerra Gold Inc.” компаниясынын мамлекеттик 33% үлүшү үчүн 30 миллион 167 миң АКШ доллар өлчөмүндө дивиденд алды. Андан тышкары “Centerra Gold Inc.” 2011-жылдын 12 айынын ичинде Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө, Социалдык фонд жана башка милдеттүү чегеримдер түрүндө 173,76 миллион доллар, же 8 миллиард 77 миллион 308 миң сом (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2011-жылдын 31-декабрындагы курсуна карата) каражат чегерген.

Дүң кирешеден салык – 131 миллион 271 миң доллар
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос – 10 миллион 790,1 миң доллар
Экологиялык төлөм – 310 миң доллар
Кирешеден салык – 5 миллион 22,2 миң доллар
КР Социалдык фондуна төлөмдөр – 24 миллион 268,8 миң доллар
Бажы төлөмдөрү – 1 миллион 80,7 миң доллар
Резидент эместер кирешесинен салык – 950,3 миң доллар
Жана башка салык жана милдеттүү чегеримдер – 69,5 миң доллар
ЖАЛПЫ: 173 миллион 762,7 миң доллар

Мындан тышкары, 2011-жылдын сентябрында Кыргызстандын Өкмөтүнүн суроосу боюнча “Centerra Gold Inc.” мектептерди реконструкциялоого жана курууга 10 миллион АКШ долларын бөлүп берген.

Эгер 2011-жылдын жыйынтыктары тууралуу маалымат бере турган болсок, былтыр “Кумтөр” алтын кенинде 18,1 тонна алтын өндүрүлгөн. “Кыргызалтын” ААКга алтынды сатуудан бир унцийин орточо 1 миң 570 доллардан эсептегенде 941,1 миллион доллар түшкөн.
Өткөн жылы 12 айдын аралыгында, Алтын кен комбинатына келип түшкөн бир тонна тектеги алтын 3,79 граммды түздү.
Кыргыз экономикасы жыл башынан бери аксап, өткөн эки айда ички дүң өнүм көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5 пайыз төмөндөгөнүн эске алсак, Кумтөр алтын кенинин кыргыз экономикасынын кыр аркасы экенине дагы бир ирет ынанасың.

Болотбек Таштаналиев
«Алиби» N19, 20-март, 2012-жыл